Шатдаун айлыгы АКШ үчүн Мексика дубалынан да кымбатка түшүүдө
АКШ президенти Дональд Трамп менен парламенттеги демократтар ортосунда түштүк чек арадагы коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча пайда болгон келишпестик Америка тарыхындагы эң бир узак мөөнөткө шатдаунга себеп болду. Башкача айтканда, жүз миңдеген америкалыктар акысы төлөнбөгөн өргүүгө кетишти, экономикага жеткирилген зыян болсо, эксперттердин билдиришинче, Мексика чек арасына куруу пландаштырылган дубалдын баасынан да ашып кеткени турат. Бул тууралу “Sputnik” кабарлады.
22-декабрда башталган шатдаун, 1995-жылдын аягы жана 1996-жылдын башындагы рекордду жаңылады. Анда федералдык өкмөт каражат жетишпестиги себептүү 21 күнгө жабылган.
Кабарда келишинче, конгресс талкууну улантат жана мыйзам долбоору боюнча добуш берет, бул болсо, өкмөттүн ишин ушул аптада калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
А бирок “CNN”дин кабарына ылайык, республикачылар жана демократтар тарабынан сунушталып жаткан долбоорлор бири-биринен бүтүндөй айырмаланып, компромисс болушунан үмүт жок, ошол себептен улам, эч ким шатдаун жакын арада бүтөт деп айта албай жатат.
Президент Трамптын ишемби күнү компромисстик долбоорду сунуштоо аракети да муну тастыктап турат, өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президентти колдоодон баш тартты.
Трамптын планы боюнча, Конгресс мигранттардын айрым катмары үчүн мыйзамдуу статус макамын узартуунун акысына Мексика чека арасын коргоо жана дубал курууга суралган 5.7 миллиард долларды бөлүшү керек.
А бирок, парламентте көпчүлүк добушка ээ болуп калган демократтар, Трамп айткандай чек аранын бардыгына эмес, өзгөчө маанилүүү бөлүктөрүндө дубал курууга ыраазылык билдирген болсо да, дубал курулушун каржылоого катуу каршылык көрсөтүп жатышат.
Бул арада серепчилер шатдаун АКШ үчүн дубалдын баасынан да кымбатка түшүп жатканын эскертишүүдө. Дубал куруу боюнча башталган талаш-тартыштар ушул кризиске себеп болду. “ S&P Global”дын серепчиси Бет Энн Бовинонун (BethAnnBovino) айтымында, шатдаундун ар бир аптасы болжол менен 1,2 миллиард доллар зыян келтирүүдө.
Өткөн төрт аптанын ичинде өкмөт жарым-жартылай жабылышы 5 миллиард долларга түштү, дагы апта кошула турган болсо, бул Трампка Мексика чек арасына дубал куруу үчүн зкерек болгон ошол 5,7 миллиард доллардан ашып кетет.
Серепчинин айтымында, шатдаун канчалык узакка созулса, экономикага ошончолук зыян жеткирүүдө.
“Мурунку шатдаундар көрсөткөндөй, акысы төлөнбөгөн өргүүдө колдон чыгарылган эмгектин ордун кийинчерэкк толтуруу мүмкүн эмес. Т.а. “продукция” жаратылбаганы үчүн ИДП азаят “, – деп айтышууда.
Экономисттердин эскертишинче, жалданма жумушчулардын бир бөлүгү акысы төлөнбөгөн өргүүгө чыкканы, алардын керектөө мүмкүнчүлүгн азайтат жана бул нерсе инфляцияга себеп болушу мүмкүн. өкмөттү жабылышы, убактылуу болсо да, кичи бизнеске сокку болду. Башкача йтканда, лицензиялар берилбей жатат, кредит алуу үчүн берилген арыздар каралбай жатат. Мындан тышкары Блумбергдин баалашынча, федералдык өкмөткө кызмат көрсөтүүчү жеке менчик компаниялар шатдаун себептүү күнүнө 200 миллион доллар зыян тартып жатышат.
Бул шатдаун Америкадагы министрлик жана мекемелердин төрттөн бир бөлүгүн камтып алды. Атап айтканда, Мамлекеттик департаменттин, Ички коопсуздук министрлигинин, Юстиция министрлигинин жана Ак үй аппаратынын бир бөлүгү ишин токтоткон.
Болжол менен 800 миңдей мамлекеттик кызматкер акысы төлөнбөй турган өрүүгө чыгарылган, же өз убактысында айлыгын албастан кызматын улантып жатышат.