Путин көңүлдү Сириядан Афганистанга бурууда

503
0

Путин көңүлдү Сириядан Афганистанга бурууда

Россия президенти Владимир Путин АКШнын Сириядан чыгуу чечими боюнча билдирүү берди. Путиндин айтымында, Сирияда жеңилген “ИШИМ” уюмунун мүчөлөрү Афганистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн.

“АКШ аскерлеринин Сириядан чыгышы анык эмнени түшүндүрөрүн билбеймин. Ошондой болсо да, президент Дональд Трамптын “ИШИМ”ди жеңгендиги тууралуу айтканына жалпы мааниде кошуламын. Бирок, “ИШИМ”дин кайрадан бутка туруу коркунучу бар”.“Эми, Афганистан жана ага кошуна өлкөлөргө террордук уюмдардын агылып кирүү коркунучу күчөйт. Согушкерлердин өз  мекендерине кайтып келүү коркунучу да бар. Бул нерсе АКШ, Россия, Европа жана Борбор Азия үчүн коркунуч туудурат”, “Афганистандагы кырдаал себептүү Тажикстандагы аскерий базаны күчөтүшүбүз керек”, – деди РФ президенти.

О.э. Афганистан маселеси  боюнча өткөрүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу сөз кылып, “Талибан” кыймылын олуттуу кабыл алуу керектигин белгиледи. Путиндин айтымында, алар мамлекеттин чоң бөлүгүн башкарууда.

Путин: “Афганистанда тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн “Талибанды” олуттуу кабыл алуу керек. Себеби, мамлекеттин чоң бөлүгү алардын колунда”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here