Трамп: Үйгө кайтууга убакыт келди
АКШ президенти Дональд Трамп АКШ өкмөтү Сирияда негизги максатына жетишкендигин билдирди. Трамптын белгилешинче, эми АКШ аскерлеринин үйгө кайтчу убагы келген.
АКШ президенти “Твиттердеги” баракчасында: “Аскерлерибиздин үйгө кайтуу убагы келди, Сирияда болушубуздун жалгыз себеби болгон “Ислам мамлекети” тобун жеңдик”, – деген.
Трамп “Твиттердеги” баракчасында берген дагы башка билдирүүсүндө: “Биз Сирияда көптөн бери күрөшүп келдик. Менин президент болгонума эки жыл болду жана биз чындап күрөштү күчөттүк, биз “Ислам мамлекети” тобуна каршы жеңишке жетиштик. Аларды катуу зыянга учураттык. Биз жерлерди артка кайтардык. Эми биздин күчтөргө үйгө кайтууга мезгил жетти”, – деген.
Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс да ушул билдирүүгө параллель көрүнүштө: “ИШИМ менен күрөшүүнүн жаңы процессине кирүү менен бирге АКШнын аскерлерин өлкөгө чыгарып кете баштадык”, – деген билдирүү таратты.
Ак үйдүн маалыматына караганда, АКШ аскерлери Сириядан чыгарылышына Трамп-Эрдоган жолугушуусунун эч кандай байланышы жок.
Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты маалымат бөлүмүнүн төрагасы Махмуд Кар мырза АКШ аскерлеринин Сириядан кетиши боюнча пикирин билдирип, мындай деди:
АКШнын Сириядан кетип жатканы айтылууда.
– АКШ (ЙПГ- Сирия демократиялык күчтөрү үчүн) 5000 жүк машинада жиберген куралдарын да алып кетеби?
– АКШ жүк ташуучу самолёттору аркылуу ЙПГ согушкерлерин да алып кетеби?
– АКШ Сириядан чыгып жаткан соң, Инжирликтен да чыгып кетеби?
АКШ өкмөтүнө, Трампка ушул суроолорду бере турган эр жүрөк жетекчи болсо, мына ошондо АКШнын Сириядан чыгып кетиши жөнүндө сөз кылсак болот.
АКШ 2011-жылы Ирактан чыгып кетишин айткан эле, чыгып кеттиби? Айткылачы, Ирактын куурчак өкмөтүн бүгүнкү күндө ким башкарып жатат?
Эми болсо, ал Сириядан чыгып кетишин айтууда. Сирияда кимди калтырып жатат? Канкор Асад жана ПКК-ПЙД-ЙПГдан турган жалданма согушкерлерин калтырууда.
АКШ Сириядан чыгып кетүү чечимин жарыя кылган бир учурда, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Асад менен кызматташуусу мүмкүн экендигин билдирди. Кокустан дал келүүнү караңыз!!!
АКШ Сирия боюнча өз саясатын баскычма-баскыч ишке ашырып келе жатат. Канкор Асадды башынан бери колдоп келди, азыр да колдоп жатат, мындан кийин да колдойт.
Түркия-Иран-Россия Сирияда АКШ белгилеп берген ролду аткарышууда. «Израиль» региондогу кепил мамлекет АКШ экендигин жакшы билет, ошондуктан Асад бийлиги уланышын каалайт. Саудия да Сирияда АКШ менен бирге болду.
Эми ойлонуп көрүңүз, Америка Сириядан чыгып кетип жатабы?