Кыргызстанда учурдагы президент менен мурдагы президент ортосундагы кескиндик ачык саясий жана маалыматтык күрөшкө айланды

568
0

Кыргызстанда учурдагы президент менен мурдагы президент ортосундагы кескиндик ачык саясий жана маалыматтык күрөшкө айланды

Кыргыз элитасы учурдагы президентти тандады

Кыргызстан республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев былтыркы президенттик шайлоодо өзүнө мураскер кылып СДПК партиясынын атынан Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин көрсөткөн эле. Жээнбеков президент болгонго чейин, дээрлик бир жыл премьер-министр болуп турган кезинде, Атамбаевдин жакын адамы болгон. Бирок, өзү президент болгондон кийин, экс-президенттин координатордук кылуу саясаты туура келбегендиктен, андан алыстап, өз саясатын жүргүзө баштады. Натыйжада учурдагы президент менен экс-президенттин ортосунда келишпестик пайда болуп, экс-президенттен калган жетекчи топ бул эки саясатчынын бирин тандоого мажбур болду жана ортодо бөлүнүү жүз берди. Апрель айында Атамбаев саясатка кайтып келгенин жарыя кылып, СДПК партиясына жетекчи болуп шайланып алды. Партия да экиге бөлүнүп, бүгүнкү күнгө чейин бириге элек.

Жээнбеков ыйгарым-укугунан пайдаланып, Атамбаев таянган бир катар чиновниктерди кызматынан алып, айрымдарын камакка алды. Ушул күнгө чейин Сапар Исаков премьер-министр болгон кездеги бир топ ири коррупциялык кылмыштарды ашкере кылды. Сапар Исаковду болсо камакка алды. Кийинчерээк, Атамбаевдин шофёрдугунан президенттик аппараттын жетекчилигине чейин көтөрүлгөн Икрам Илмиянов Москвада кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу сунушу мыйзамдаштырыла баштады. Ушул аракеттердин бардыгы экс-президентке каршы болуп жаткандыгы себептүү, Атамбаев жооп кайтарууга мажбур болду.

Атамбаев ноябрь айында өзүнө караштуу «Апрель» телеканалынан атайын репортаж уюштуруп, оппозицияга өткөнүн жарыя кылды. Президент Жээнбеков буга каршы Кыргызстан тарыхындагы экс-премьер-министрлер жана экс-спикерлерди тегерек столго чакырып, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү жана аларды жүз берип жаткан жараяндарга туура баа берүүгө о.э. мамлекеттин саясий жашоосунда активдүү рол ойноого чакырды. Башкача айтканда, президент бир жылдын ичинде өз кубаты, ага-ини жана башка жакындары менен жетекчи топ пайда кыла албагандыгын моюнга алып, саясий элита өкүлдөрү менен биригүүгө жана алардан кубат алууга токтом кылганын жарыя кылды. 24-ноябрда уюштурулган элдик курултай да, саясий элитанын аракети менен оппозиция тарапка эмес, бийликтин кызыкчылыгы тарапка бурулду. Алар өздөрүн конструктивдүү оппозициялык күч сыяктуу көрсөткөнү менен, бирок, элитанын кубатын жана алар президент тарапта экенин түшүндүрүп коюшту. Элдик курултай президенттин бир жылдык ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалады. Экс-президенттин бардык иш-аракети канааттандырарлык эмес деп бааланды. Өздөрүнүн конструктивдүү экендигин көрсөтүү максатында учурдагы президентке 2019-жылдын апрель айына чейин сыноо мөөнөтүн жарыя кылышты. Башкача айтканда, президент ушул мөөнөттө мамлекеттеги саясий, экономикалык жана финансылык көйгөйлөрдү чечүү механизмин жаратышы керек. Саясий элита үчүн мамлекеттеги өздөрүнүн мүлктөрү жана мүмкүнчүлүктөрүнө көз артпастык кепилдиги керек. Т.а. СССРден калган саясий элита өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгы мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн кыянаттык менен пайдалануу аркылуу байыган адамдар болуп эсептелишет. Атамбаев да өз репортажында миллиарддаган байлыктарын ашкере кылып, аларды жеке менчик компаниялары аркылуу адал мээнети менен тапканын далилдемекчи болду. Демек, экономикалык кылмыштар ачылышы менен мурдагы чиновниктерди тазалоо иштери уланат. Экс-президенттен кол тийбестик алынары менен, атамбаевчилер командасына акыркы сокку берилиши күтүлүүдө.

Тыянак кылып айтканда, саясий элита элдин кызыкчылыгын коргоочулар болуп көрүнүп жатышат. Алар элдин арасында кезектеги президентке дагы ишеним пайда кылуу менен коомдо өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп алууга аракет кылып жатышат. Кезектеги президент да, андан кийинки президент да мамлекет жана калктын абалын жакшырта албайт. Себеби, саясатты президенттер эмес, жетекчи топтун өкүлдөрү башкарат. Жетекчи топ болсо, президенттен өз кызыкчылыктарын коргоону талап кылат. Бул нерсе капиталисттик системанын табияты болуп, мамлекет ар дайым жетекчи топтун (капиталиститердин) кызыкчылыгына кызмат кылуучу аппаратка айланып кала берет. Ал коррупцияга же башка кылмыштарга каршы күрөшүп жатканда да, жетекчи топтун кызыкчылыгына каршы бара албайт. Себеби, жетекчи топ президентке же бийликке нааразы болсо, колунан келишинче калк аркылуу басым өткөрүүгө аракет кыла берет. Ошондуктан, ар кандай президент бул коррупцияга батып калган жетекчи топ менен эсептешүүгө, ага таянып, бирге аракет кылууга жана ага кызмат кылууга мажбур.

Демек, Кыргызстандагы көйгөйлөр, президенттер ортосундагы келишпестиктер жөнгө салынышы менен эле чечилип калбайт. Тескерисинче, башкаруу системасын түптөн өзгөртүү менен чечилет. Бул болсо, куфрга негизделген дүйнөлүк башкаруу системасын (капиталисттик мабданы) түп-тамыры менен өзгөртүү керек дегенди түшүндүрөт. Себеби, Кыргызстан да эл аралык саясат кысымында калган алсыз мамлекеттердин бири болуп, дүйнөлүк куфр системасынын көзөмөлү астында жана ал белгилеп берген формада саясат жүргүзүүгө мажбур болгон колония мамлекет. Дүйнөлүк куфр башкаруу системасына каршы ар бирибиз өз мамлекетибизде туруп, ички саясий көтөрүлүш пайда кыла ала турган жападан-жалгыз кубат болгон исламий мабдаий күрөш алып баруу аркылуу гана ийгиликке жетише алабыз. Себеби, куфр мабдасына каршы Исламды мабда катары көтөрүп чыгуу өтө маанилүү. Анткени, ар бир ачылып жаткан саясий боштуктарды исламий мабдаий өкүмдөр менен толтура алышыбызды калкка түшүндүрүп барышыбыз зарыл. Антпесек, Үммөт Исламдын кубатын, башкача айтканда,  куфрдун ордун ээлей ала турган кубатын аң-сезимдүү түрдө сезе албайт, демек, ишеним да көрсөтө албайт. Үммөт коомду өзгөртүүдөгү негизги кубат экендигин эсепке алганда, анын ишеними өтө маанилүү жана чечүүчү күч болуп эсептелет.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net

Электрот почта: webmaster@hizb-turkiston.net

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here