Рухани: АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясий диктатура доору аяктады
АКШнын Жакынкы Чыгыштагы диктатура доору аяктады, Вашингтон мындан кийин Жакынкы Чыгыш регионунда буйругун өткөрүүгө кудуреттүү эмес. Ирандын президенти Хасан Рухани Түркияга сапарынын алдында ушундай пикирин билдирди.
“Биздин көпчүлүк кошуналар, анын ичинде Түркия Америкага анын саясий диктатура доору бүткөндүгүн билдирип коюшту. Эми Вашингтон өзүнөн 1000 км алыстыкта турган регионго буйругун өткөрүүгө кудуреттүү эмес”, – деп айткан Рухани.
Иран президентинин айтышынча, Тегеран Түркияны “региондогу достук маанайдагы жана абройлуу мамлекет” катары тааныйт. “Акыркы айларда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын Иранга каршы санкциялар фитнасына каршы бекем жана конструктивдүү позицияны карманды”, – деп кошумчалады Рухани.
Ирандын президенти “Түркияга сапарынын алкагында аймактык жана эл аралык маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өтөрүн” баса белгилеген. Анын айтымында, экономикалык, айрыкча, соода, банк жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланат.
Хасан Рухани Түркия президентинин чакыруусуна ылайык 19-декабрь күнү, эки күндүк иш сапар менен Түркияга жөнөп кеткен.