Бокоев: Өзбекстандык жумушчуларды патент системасына өткөрүү керек

363
0

Бокоев: Өзбекстандык жумушчуларды патент системасына өткөрүү керек

 “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанга келип иштеп жаткан өзбекстандыктарга патент системасын  киргизүүнү сунуштады.

Депутаттын айтымында, учурда Кыргызстанда иштеп жаткан өзбекстандыктардын саны 100 миңге жетет.

 “Кыргызстандыктар Россияда патент менен иштейт. Биз да Өзбекстандан келген 100 миңге жакын эмгек мигранттарына патент берсек болот. Мен бул тууралуу Миграция кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алар да туура көрдү. Эгер бир айда 500 сомдун тегерегинде коё турган болсок, 50 миллион сом түшүп турат”, – деди депутат.

Бокоев ошондой эле чек арадагылар Кыргызстанга кирип келе жаткандардан 2000-5000 сомдун тегерегинде пара алып коюп жатканын жарандар өздөрү да айтып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда чет өлкөлүктөр да патент алып иштесе болот. Бирок, ал үчүн алгач Мамлекеттик миграция кызматынан уруксат алышы, андан соң Мамлекеттик каттоо кызматынан каттоодон өтүшү жана ошондон кийин салык кызматына кайрылышы керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here