Трамп G20 саммитинде Путин менен жолугушуудан баш тартышы мүмкүн

348
0

Трамп G20 саммитинде Путин менен жолугушуудан баш тартышы мүмкүн

Керч кысыгындагы Украина кемелери кармалышы себептүү Трамп G20 саммитинде Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартышы мүмкүн.

АКШ президенти Дональд Трамп Аргентинада 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү болуп өтүүчү G20 саммитинде Владимир Путин менен жолугушуудан баш тартышы мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

“Балким мен (Путин) менен жолукпайм. Мага мындай агрессия жакпайт”, – деди Трамп.

 О.э. АКШ президенти болуп өткөн окуя тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан “кеңири отчёт” күтүп жаткандыгын белгиледи.

 Саясий серепчи Юрий Световдун пикиринче, Украина тараптан ишке ашырылган провокациядан көздөлгөн максаттардын бири – ушул G20 саммитинде Трамп менен Путиндин жолугушуу планын жокко чыгаруу болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here