Кыргызстан кирешесинин 35 пайызы чет өлкөдөн жөнөтүлгөн акчалардан турат

370
0

Кыргызстан кирешесинин 35 пайызы чет өлкөдөн жөнөтүлгөн акчалардан турат

Чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандыктар мекенине жөнөтүп жаткан акчалар Кыргызстандын эң чоң киреше булагына айланып калууда.

Бир миллиондон ашуун кыргызстандыктар чет өлкөдө, айрыкча, Россия жана Казакстанда иштеп жүрүшөт. Алардан 800 миң адам Россия Федерациясында оор жумуштарда иштейт.

2017-жылы кыргызстандык мигранттар үй-бүлөсүнө жөнөткөн акча 2,5 миллиард долларга жеткен. Бул цифра мамлекеттин жылдык каражатынан да көптүк кылат.

Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөр чет өлкөдөгү балдары жөнөткөн акча менен күн көрүшөт. Алардын айтымында, эгерде чет өлкөдө иштеп жүргөн балдары акча жөнөтүп турбаса, Кыргызстанда жашоо өтө кыйын болмок. Айрыкча, мамлекеттин түштүгүндөгү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк тургундары чет өлкөдө иштеп жүргөн жакындары жөнөткөн акча менен күн көрүшөт.

Кыргызстан Борбор Азиядагы эң жакыр мамлекеттердин бири болуп эсептелет..

Кыргызстан экономикасынын 35 пайызы эмгек мигранттары жөнөткөн акчанын эсебинен капталат. Бул жаатта Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда турат. Кыргызстандан кийинки орунда Тонга, Тажикстан жана Гаити өлкөлөрү турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here