Кытайдын мусулмандарга каршы репрессиясы казак менен кыргыздарды кыйгап өтпөдү

454
0

Кытайдын мусулмандарга каршы репрессиясы казак менен кыргыздарды кыйгап өтпөдү

Акыркы күндөрдө “Азаттык” радиосу Кытай өкмөтү кыргыз улутундагы жарандарды жапырт камакка алып жатат деген маанидеги маалыматтарды таратууда. Буга чейин казак улутуна карата репрессивдик аракеттер жүрүп жатканы туурасында кабарлаган болчу. Мусулман болгону үчүн гана камакка алып жаткандыгынын, алардын сөзү менен айтканда, “кайра тарбиялоо лагерине” алып кетип жаткандыгынын натыйжасында кароосуз калып жаткан жаш балдар, качып келип жаткан жесирлер тууралуу видеоматериалдар да тарап жатат.

Кытай Ислам жана мусумандарга каршы массалык репрессия жүргүзүп жатканы эч кимге жашыруун сыр эмес. Миллиондогон мусулмандарды камап жиберди. Проблема Кытайдын зулуму бирер улутка тиешелүү болуп калганында эмес, бул жерде проблема, репрессияга каршы дүйнөлүк коомчулук жана мамлекеттердин кайдыгер мамилесинде! Миллиондогон мусулман камалды! Дагы ушунча наристелер жана карылар кароосуз калып жакырчылыкта жашап жатышат.  Казак жана кыргыз улуту да мусулман болгону себептүү, алар да бул кудайсыздардын массалык зулумунан четте калышпады. Бир бөлүгү Казакстан жана Кыргызстанга качып өтүшкөн болсо, калгандарынан кабар алууга дээрлик мүмкүнчүлүк жок. Айрым маалыматтарга караганда, жогорудагы эки улуттун өкүлдөрүнүн он миңдеген адамдарды камакка алып, белгисиз жакка алып кетишкен. Бүгүнкү күнгө чейин алардын тирүү же өлүү экендигинин кабары жок.

Казак өкмөтү Кытайга кандайдыр ноталарды жиберүү менен чектелген болсо, Кыргызстан бийлиги ушуну да кыла албады! Кыргыз бийлиги Кытай менен алакасын бузуп алуудан коркот! Булар Кытайдын Кыргызстан жерлерин басып алышына шарт түзүүнү улантып жатышат! Ал тургай, өздөрүн кыргыз улуту үчүн күйгөн, ишенимдүү, патриот деп билген улутчул жетекчи топ да Кытайдын кыргыз улутуна каршы зулуму жөнүндө ооз ачып, сөз менен болсо да аларды коргоп коюуга жарабады!

Кытай өкмөтү болсо, Ислам жана мусумандарга каршы кайра тарбиялоо иштерин аткарып жатабыз деген сөзүндө бекем туруп алууда. Эл аралык коомчулук, исламий өлкөлөрдүн жетекчилери, ал тургай исламий жамааттардын өкүлдөрү да бул проблемага олуттуу көңүл бурбай жатышат. Башкача айтканда, коомчулуктун көңүлүн бийликке буруп, аларды Кытай өкмөтүнө каршы багыттоо иштери жүрүшү керек эле. “Исламий өлкөлөр Кытай менен бардык мамилени үзүшү керек” деген пикирлер менен аларга карата ыйгарым-укук ээлери болгону үчүн да катуу талаптар коюлушу керек. Колубуздан келишинче, акимдерибизди Кытай менен ар кандай мамилени үзүүгө чакыралы. Өкмөттөрүбүз, эч болбоду дегенде, Кытайдан боордошторубузга каршы зулумдарды токтотууну талап кылышсын. Аларды ар кандай пайдалуу мамилелер ушул талаптар аткарылгандан кийин ишке ашарын айтып бекем турууга чакыралы.  Ушул аракеттерибиз аркылуу, Кытайдагы миллиондогон мазлум мусулмандар үчүн Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтен кутулуп калсак ажеп эмес!!!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here