Путин АСEАН жана ЕАЭБди диалог орнотууга чакырды
РФ президенти Владимир Путин АСEАН (Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери ассоциациясы) жана Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) ортосунда диалог орнотууга чакырды. Анын айтышынча, Россия, Белорусия, Армения, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринен турган ЕАЭБ менен Филиппин, Малайзия, Таиланд, Индонезия, Сингапур, Бруней, Вьетнам, Лаос, Мьянма жана Камбоджа өлкөлөрүнөн турган АСEАН ортосунда туруктуу диалог орнотуу эки тарап үчүн тең маанилүү кадам болуп эсептелет.
Сингапурда уюштурулган «Россия-АСEАН» саммитине катышкан Путин Россия жана АСEАН мамлекеттери ортосундагы алакалар тездик менен өнүгүп жатканын жогору баалады.
Путин: “Москва Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери ассоциациясы менен экономикалык мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүүдө”, – деди.
Путиндин билдиришинче, Россия жана АСEАН ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылдын орто ченинде 35%дан, инвестициялар көлөмү болсо 25 миллиард доллардан ашкан.
О.э. АСEАН мамлекеттерин эмдиги жылы сентябрда өткөрүү пландаштырылган «Петербург-2019 Эл аралык экономикалык форумуна» катышууга чакырды.