АКШ конгрессинин делегациясы Өзбекстанга келди

315
0

АКШ конгрессинин делегациясы Өзбекстанга келди

 Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов АКШ Конгрессинин делегациясы менен жолугушту. Ташкентте болуп өткөн жолугушууда эки тараптуу мамиленин келечеги талкууланды. Бул тууралуу, Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына таянып, “Sputnik” кабарлады.

Буга чейин АКШ парламентинде “Өзбекстан боюнча кокус” уюштурулганы тууралуу кабарлар пайда болгон эле.  Бүгүн ошол “кокус”тун теңтөрагалары Трент Келли жана Виценте Гонсализ делегация башчылары катыр Өзбекстанга келишти. О.э. делегация курамында Өкүлдөр палатасындагы маанилүү комитеттердин республикачы жана демократ мүчөлөрү бар.

Кокус – бул партия мүчөлөрүнүн жыйыны. Өзбекстан-Америка мамилесининин тарыхында алгачкы “Өзбекстан боюнча кокус” үстүбүздөгү жылдын август айында өкүлдөр платасында катталган.  Жылына эки жолу жыйын өткөрүү пландаштырылууда. Биринчи жолугушуу 2019-жылы январь айынын башында болуп өтөт.

Кабарда:“Жолугушууда өзбекстандык жана америкалык парламентарийлер ортосундагы алаканы кеңейтүү, Өзбекстан жана АКШ ортосундагы туруктуу өнүгүп жаткан кызматташтыктын жагымдуу жараяндарын мыйзамдык жактан бекемдөө маселелери каралды”, – деп айтылат.

 Белгилүү болгондой, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 15-17-май күндөрү АКШда расмий сапар менен болуп, президент Дональд Трамп менен жолугушкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here