РФ Коопсуздук кызматы: “Террорчулар” ал тургай Россиядан да каражат алышат

355
0

РФ Коопсуздук кызматы: “Террорчулар” ал тургай Россиядан да каражат алышат

Өткөн аптада Россиянын борбору Москва шаарында РФ Коопсуздук кызматы менен укук коргоо органдары жана разведка мекемелеринин жетекчилеринин он жетинчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга 70тен  ашык мамлекеттен делегациялар катышты. Аталган жыйында эл аралык терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселесинде кызматташуунун маанилүү жактары талкууланды.

РФ Коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников Россия коопсуздук органдары чет өлкөдөгү террорчу топторго Россиядан баруучу каржылык жардам бар экендигин айтып өттү. Анын айтымында, РФ коопсуздук кызматы аларды каттоого алууда.

Бортников Москвадагы кабарчыларга берген интервьюсунда: “Биз айрым (террорчу) топтор жана жеке адамдардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү жана кубаттары жөнүндө сөз кылып жатабыз. Түрдүү аймактардан, анын ичинде Россиядан да (террорчуларга) акча жөнөтүлүп турган. Биз буларды каттого алып жатабыз. Бул жерде каржылык жардамды ИШИМге жеткирүү үчүн атайын каналдар бар”, – деди.

О.э. эл аралык “террорчулар” өздөрүнүн көптөгөн кылмыштуу аракеттеринде жаштардан пайдаланып жатканын да кошумчалап:“Эл аралык террордук уюмдардын курамдык бөлүгү жаштар арасында терроризм идеологиясын бекемдөөгө каратылган», – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here