НАТОго мүчө өлкөлөр аскерий тармакка бөлүнүүчү каражатты көбөйттү

356
0

НАТОго мүчө өлкөлөр аскерий тармакка бөлүнүүчү каражатты көбөйттү

НАТОго мүчө 11 мамлекет аскерий тармакка жумшалуучу каражатты ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) эки пайызына чейин көтөрдү. Бул тууралуу альянстын башкы катчыс Йенс Столтенберг билдирди.

Бирок, кайсы мамлекеттер эки пайыздык көрсөткүчкө жеткени айтылбады.

Октябрь айында Столтенберг 2014-жылы НАТОго мүчө үч мамлекет гана ИДӨнүн эки пайызын коргонуу тармагына ажыраткандыгын билдирип, 2018-жылы уюмга мүчө 29 мамлекеттин сегизи жогорудагы талапты аткарышын айткан эле.

2014-жылы кол коюлган декларациянын шарттарын аткарууну АКШ бир нече жолу талап кылган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында АКШ президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө мамлекеттерден коргонууга ИДӨнүн төрт пайызын бөлүүнү талап кылды.

2016-жылы “Jane’s” басылмасы декларацияга кол коюлгандан эки жыл өткөндөн кийин беш  мамлекет гана талапты аткаргандыгын аныктаган. Алар: АКШ (3,61 пайыз), Греция (2,38 пайыз), Британия (2,21 пайыз), Эстония (2,16 пайыз) жана Польша (2 пайыз).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here