Кремль Путин менен Трамптын алдыдагы жолугушуусу тууралуу билдирди

313
0

Кремль Путин менен Трамптын алдыдагы жолугушуусу тууралуу билдирди

11-ноябрь күнү Владимир Путин жана Дональд Трамп Парижде, Елисей сарайында кыска жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Анын айтымында, Россия жана АКШ президенттеринин толук форматтагы жолугушуусу Буэнос-Айрестеги “Чоң жыйырмалык” саммитинде болот.

 “Путин менен Трамптын Париждеги жолугушуусу ЖМКлардын жана эл аралык майдандагы саясий чөйрөлөрдүн олуттуу кызыгуусуна себеп болду. Француз өнөктөштөрүбүздүн пикиринче, бул ажиотаж коомчулукту биринчи дүйнөлүк согуштун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардан алагды кылышы мүмкүн”, – деген Ушаков.

Француздар мындай тынчсыздануусун Москвага да, Вашингтонго жеткиргендигин айтты.

 “Ошол себептен улам, эки тарап тең президенттердин кеңири форматтагы жолугушуусун кийинкиге т.а. Буэнос-Айресте болуп өтүүчү “Чоң жыйырманын” саммитине калтырды”, – деп кошумчалады Ушаков.

 “Чоң жыйырманын”саммити 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте болуп өтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here