Трамп Саудияны АКШ куралдарын туура эмес колдонууда айыптады!

362
0

Трамп Саудияны АКШ куралдарын туура эмес колдонууда айыптады!

АКШ президенти Дональд Трамп Саудияны АКШ куралдарын Яманда туура эмес пайдалангандыкта айыптады. Ал Яманда жаш балдар бара жаткан автобуска араб коалициясы тарабынан болгон авиа чабуулду «коркунучтуу окуя» деп сыпаттады.

Трамп «Axios» гезитине берген интервьюсунда: “Яманда жаш балдар бара жаткан автобуска болгон чабуул коркунучтуу окуя… Алар куралды кандай иштетүүнү билбеген кимселер болуп эсептелет”, -деди.

Бул Яманда АКШ куралынан кыянаттык менен колдонуу жөнүндө АКШ президенти тарабынан берилген алгачкы айыптоо болду. Саудия башчылыгындагы коалициянын учактары тарабынан уюштурулган чабуулдарда көптөгөн жай тургундар өлтүрүлгөндүгү себептүү Саудияга курал сатылышына нааразылыктар болуп жатканына карабастан, ушул кезге чейин мындай билдирүү берилген эмес.

 “АКШ Саудияга курал соодасын токтотушу мүмкүнбү?” – деген суроого, президент Трамп: “Биз Ямандагы кырдаалды жакындан күзөтүп барабыз. Ал жер бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу жер болуп калды. Мен Саудиянын жетекчилери менен сүйлөшөм. Куралдарыбыз курал иштетүүнү билбеген адамдардын колуна түшүп калышын каалабайм”, – деп жооп берди.

Араб коалициясы өткөн август айында Ямандын түндүгүндөгү Саада провинциясында жаш балдар бара жаткан автобуска чабуул кылган эле. Эл аралык “Кызыл чырым” уюмунун билдиришинче, аталган чабуулда көпчүлүгү жаш балдардан турган 50 адам өлгөн. Саудия башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн маалымат катчысы полковник Түрки ал-Малики болсо аталган чабуул мыйзамдуу аскерий аракет болгондугун о.э. эл аралык гуманитардык мыйзамдар жана принциптерге ылайык ишке ашырылгандыгын билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here