Россия, Индия жана Иран кызматташтыкта эл аралык транспорт коридорун түзөт

395
0

Россия, Индия жана Иран кызматташтыкта эл аралык транспорт коридорун түзөт

Россия, Индия жана Иран ноябрда “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридорун ачууну талкуулоо үчүн жолугушат. Бул тууралуу Ирандын “Press TV” телеканалы кабарлады.

7,2 миң километрдик жаңы коридор темир жолдор жана суу жолдорунан пайдаланган абалда уюштурулат жана Суец каналынын арзаныраак жана кыскараак альтернативасы болот.

Индиядан товарлар Ирандын Перс булуңу жээктеринде жайгашкан Бандар-Аббос портуна, андан соң Каспий деңизинин боюнда жайгашкан Бандар-Анзалиге жөнөтүлөт. Андан соң, ал жерден деңиз аркылуу Астраханга келип, темир жол аркылуу Европага жеткирилет.

Жаңы коридор убакытты жана жүк ташуунун баасын 30-40 пайызга кыскартышы божомолдонууда. Мисалы, ушул коридор Мумбайдан Москвага товар ташуу 20 күнгө кыскарат.

Жаңы жол аркылуу ташылуучу жүктүн көлөмү жылына 20-30 млн тонна болору күтүлүүдө.

Суец каналы Жер Ортолук жана Кызыл деңизди бириктирип, Африка жана Евразия материктери ортосундагы шарттуу чек ара болуп эсептелет. Индия океаны жана Атлантика океаны жана Жер Ортолук деңизи ортосундагы эң кыска жол болуп, 1869-жылы 17-ноябрда ачылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here