Жээнбеков Эрдоган менен жолугушту
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик апараттын маалымат кызматы кабарлады.
Кабарда келишинче, эки өлкөнүн президенттери жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин жыйынтыктарын талкуулашкан. Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарды камтыган эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.
Жээнбеков 29-октябрда Түркиянын Республикасынын негизделгендигинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн барган. Ал Стамбулдагы жаңы аэропорттун ачылышына да катышты.