Жээнбеков советтик билим берүү системасын таштоого чакырды

398
0

Жээнбеков советтик билим берүү системасын таштоого чакырды

Бишкек шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V-съезди болуп өттү. Эки күнгө созулган съездге билим берүү тармагынын 400дөн ашуун өкүлү катышты.

Аталган съезддин ачылышына Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты. Жээнбеков съезддин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө эски советтик билим берүү системасын таштап, жаңы билим берүү системасын жаратуу зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, советтер доорунда түзүлгөн билим берүү программалары өз учурунда жакшы болгону менен, учурда заман талабына жооп бербей калган.

Жээнбеков: “Дүйнөдөгү эң асыл кесиптин ээлери болгон мугалимдердин съезди билим берүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп тааныган Кыргызстанда өтүп жатканына биз кубанычтабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, советтик билим берүү системасы коомдун ошол кездеги керектөөлөрүнө жараша болчу жана экономиканын, социалдык турмуштун, мамлекеттик башкаруунун жана коргоонун талаптарына жооп берген…. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Бир жагынан саясий процесстердин таасири алдында жалпы билим берүү мейкиндигибиз да бүлүндү. Экинчи жагынан, биздин турмушубузга рынок мамилелери сүңгүп кирип, эмгек рыногу өзгөрдү. Биздин коомдордогу жаңы турмуш жаңы билим берүү системасын талап кылды”, – деди.

Туркистон:

Милдеттүү билим берүү программасы, ар кандай мамлекеттин өз жарандарына сакафат берүүдөгү негизги булак болуп эсептелет.  Сакафат болсо, ар кандай коом жүздөнүп жаткан мабдаъда (идеология), башкаруу системасында, колония болууда же башка мамлекетти колония кылууда негизги орунду ээлейт.

КМШ өлкөлөрүндөгү, айрыкча Кыргызстандагы билим берүү программасы, президент баса белгилегендей, Советтер союзундагы негиздерге таянат. Себеби, Россия СССРдин мураскору болгондуктан о.э. Россия СССРден кийин өз сакафатын пайда кылуу үчүн өз идеологиясына ээ болбогондуктан, КМШ өлкөлөрүнүн окуу программаларын өзгөртүүгө дээрлик аракет кылбады. Себеби, билим берүү тармагындагы ар кандай реформалар, башкача айтканда, СССРдин билим берүү негиздеринен баш тартуу, анын ордун Батыш дүйнө карашына негизделген сакафий программалар ээлеп алышына алып бармак. Россия үчүн Батыш дүйнө карашы, СССРден калган билим берүү программасына караганда кооптуураак эле.

Эми Жээнбеков реформалар жөнүндө айтууга мажбур болууда. Себеби, заман Россия каалагандай токтоп калбады. Россия сакафаты эми өз колонияларынын билим берүү программаларын заманга ылайык тартиптештирип бере албайт. КМШ өлкөлөрү эми Батыш сакафатына негизделген билим берүү программасы менен реформа кылууга мажбур. Себеби, ал тургай Россиянын өзү да Батыштын билим берүү программаларына алда качан эле өтүп кеткен.

Бирок, Батыш дүйнө карашы СССРдикине караганда жакшыраак дегендер адашат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here