Путин чет өлкөлүк жарандардын Россияга кирүүсүнө тыюу салуучу мыйзамга кол койду
Чет өлкөлүк жарандардын Россияга кириши мурункудан да кыйын болуп калды. Укуктук-маалымат расмий веб-сайты тараткан кабарга таянсак, Россия президенти Владимир Путин терроризм жана экстремизмге байланышы бар деп шектелген чет өлкөлүк жарандардын Россияга киришине тыюу салуучу мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзамга ылайык, Россияга келе жаткан чет элдик жарандар, эгерде Россияда кара тизмеге киргизилген уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан, же болбосо Россияда тыюу салынган уюмдарга кошулган деп шектелсе, мындай адамдардын Россияга киришине уруксат берилбейт.
О.э. аталган мыйзам ар кандай чет өлкөлүк жарандын Россия аймагынан чыгып кетүсүсүн алдын алууга да шарт түзөт. Башкача айтканда, Россиянын министрликтери ортосундагы терроризмди каржылоого каршы күрөшүү менен алектенип жаткан комитет ушундай токтом кабыл алган учурда ар кандай чет өлкөлүк жарандын Россиядан чыгып кетишине тыюу салынат.