Кытай АКШ вице-президентин жалаа жапкандыкта айыптады
Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин: “АКШ вице-президенти Майк Пенстин америкадагы шайлоого Кытайдын аралашуусу жөнүндөгү негизсиз билдирүүсү жалган жалаа. Пекин буга карата кескин нааразылык билдирет”, – деп кабарлады. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.
“Майк Пенстин сөзү Кытайдын тышкы жана ички саясатына карата жалаа жабуудан турат, Кытайдын АКШ шайлоосуна аралашуусу жөнүндөгү анын билдирүүсү толугу менен курулай доомат. Ушуга байланыштуу Кытай кескин нааразылык билдирет”, – деген дипломат.
Хуа Чуньин: “Кытай ар дайым башка мамлекеттердин ички саясатына аралашпоо принцибин карманып келген, АКШ шайлоолоруна аралашууга кызыгуубуз жок”, – деди.
Анын айтымында, башка мамлекеттердин ички иштерине ким аралашып жатканын жана башка мамлекеттердин кызыкчылыктарына ким зыян жеткирип жатканын коомчулук анык көрүп турат.
Дипломат Кытайдын АКШга карата саясаты анык жана өзгөргүс экендигин айтты.
Дипломат: “Биз бири-бирин урматтоого негизделген, конфронтациядан алыс, эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкка жетишүү үчүн биргеликте аракет кылуунун тарапкерибиз”, – деп айткан. О.э. Вашингтонду “өз катасын оңдоого, Кытайды курулай айыптоону токтотууга о.э. эки тараптуу мамилеге зыян жеткирүүдөн тыйылууга чакырган”.
АКШ вице-президенти Майк Пенс, Кытай АКШнын ички иштерине аралашып жатканы о.э. ушул багытта саясий, экономикалык жана аскерий мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып жатканы тууралуу билдирүү тараткан.
АКШ президенти Дональд Трамп да бир аз мурда ушул сыяктуу билдирүү менен чыгып, Кытай АКШдагы шайлоолорго аралашууга аракет кылып жаткандыгын айткан.