Трамп жана Макрон келишпестикти жеңилдетүүгө умтулууда

332
0

Трамп жана Макрон келишпестикти жеңилдетүүгө умтулууда

Франция президенти Эммануэль Макрон менен АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто эки мамлекет ортосунда келишпестиктерге себеп болгон маселелерди талкуулашты.

Макрон менен Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында эл аралык маанилүү маселелерди, анын ичинде, Сирия жана Иран маселесин о.э. эки өлкө ортосундагы соода маселесин талкуулашкан. Сүйлөшүү бир сааттай убакытка созулганы айтылууда.

«Биз (Макрон менен) өтө жакшы маектештик, маегибиздин 99 пайызы жакшы өттү», деди Трамп, Манхеттен мейманканасындагы жолугушууда.

 Ал эми Макрон: “Биз бул жерге натыйжаларга жетишүү үчүн келдик”, – деди.

Ак үйдүн билдиришинче, эки өлкө башчы негизги маселелерде жакындан кызматташуу милдетин дагы бир жолу тастыкташкан.

Франция президентине жакын булактар «Вашингтон менен Париждин ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар», «Бирок булар максаттарга караганда, көбүрөөк чечим жана ыкмаларга тиешелүү», – деди.

Ушул эле булактын билдиришинче, өткөн жылга салыштырганда, карама-каршылыкка себеп болуучу жаңы проблемалар жок.

Трамп биринчи дүйнөлүк согуш бүткөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө үчүн 11-ноябрда Францияга баруу  ниети бар экендигин билдирген. Аталган иш-чарага 100гө жакын мамлекеттердин башчылары чакырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here