Кыргызстан: «БУУ өзгөрүүлөргө муктаж»

415
1

Кыргызстан: «БУУ өзгөрүүлөргө муктаж»

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмун реформа кылуу зарыл экендигин айтты. Жээнбековдун айтымында, БУУ өзгөрүүлөргө муктаж.

“Биздин Уюм  өзгөрүүлөргө муктаж, ал учурдун, азыркы реалдуулуктун талаптары.Бул реформа универсалдуулук, кеңири географиялык камтуу принциптерине негизденип, БУУнун мүчө-мамлекеттеринин кеңири колдоосуна ээ болууга тийиш”, – деди Жээнбеков.

АКШнын Нью-Йорк шаарында уюштурулган БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясына катышкан Жээнбеков Башкы ассамблеяга кайрылып, учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына төп келгидей принципиалдуу жаңы эл аралык механизмдерди калыптандыруу зарылчылыгы бышып жетилгендигин билдирди.

Кыргызстан тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча БУУнун жалпы иштерине салым кошууга умтулуп жаткандыгын айткан Жээнбеков: “БУУнун Коопсуздук Кеңешине мурда шайланбаган өлкөлөрдүн колдоосу  мүчөлөрдүн тең укуктуулугуна ишенимди арттырып, Уюмдун кадыр-баркын арттырат жана ага ишенимди бекемдейт”, – деди

О.э. Борбор Азияда суу жана энергия запастарынан пайдалануу үчүн жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу керектигин айтты.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here