Жээнбеков: Мен тааныбаган “тууган”, “дос” көбөйдү

315
0

Жээнбеков: Мен тааныбаган “тууган”, “дос” көбөйдү

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кездерде саны көбөйүп кеткен “туугандарын” камакка алуунун убагы келгенин айтты.

Өлкө башчынын айтымында, ал президент болгондон бери “тууган” жана “достор” көбөйүп кеткен.

Президент Жээнбеков 20-сентябрда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун тургундары менен жолугушуу өткөргөндүгүн буга чейин президенттин маалымат кызматы кабарлаган.

Ал жолугушууда президент үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей тургандыгын кайталап, президенттин атын сатып, ар кандай иш кылгандарды жазалоону тапшыргандыгын билдирди.

 “Жээнбеков Бакиев болуп калды, бир туугандары бийлеп, тейлеп жатат” деп айтып жатышат. Мен эч кимди кийлигиштирбейм, билип калсам ага катуу чара көрөм. Аны баары билет. Бирок менде азыр мен тааныбаган “тууган”, “дос” көбөйдү, ар жерден чыгып жатышат. Ооруканага, ал жак, бул жакка барып, “тууганы болом” деп кызматка тургандар көбөйүптүр. Мен айтпайм дагы, ошентип айтса андай шылуундарды камагыла деп жатам. Мурдагы президенттердин тажрыйбасы мага чоң сабак. Менин бир уул, бир кызым бар. Уулум 4-класста окуйт. Ал Максим Бакиевдей болгончо мен кызматтан кетем….” – деди Жээнбеков.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here