КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору Душанбеде чогулушат

309
0

КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору Душанбеде чогулушат

20-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин жыйыны болуп өтөт. Бул тууралуу “Asia-Plus” кабарлады.

Жолугушуунун күн тартибинде 17 пункт орун алган.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү прокурордук ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарындагы тажрыйбалары менен бөлүшүшөт, 2017-жылдагы кылмыштуулук, терроризм, наркотикалык жана психотроптук заттардын соодасы, адам сатуу, мыйзамсыз миграция, кибер кылмыштарга каршы күрөшүү о.э. тышкы чек аралар коопсуздугун бекемдөө боюнча кызматташтык программаларынын аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, аталган кеңештин мүчөлөрү коррупцияга каршы күрөшүү, өз мамлекетинен тышкарыда болгон жарандардын укуктарын коргоо, эл аралык келишимдердин аткарылышы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карап чыгышат, баш прокурорлор координациялык кеңешинин 2019-2023-жылдарга болжолдонгон иш планын тастыкташат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here