Американын терроризмге (Исламга) каршы жаңы стратегиясы

349
0

Американын терроризмге (Исламга) каршы жаңы стратегиясы

АКШнын ички коопсуздук министри Кирстен Нильсен АКШ админстрациясы терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн жаңы стратегия даярдап жаткандыгын билдирди. Бул стратегия географиялык чек араларды эсепке албаган абалда ар бир убакытта жана ар бир жерде “террорчулар”ды куугунтуктоого мүмкүнчүлүк берет.

“Жакынкы убакта Ак үй терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн жаңы жана күчтүү стратегия иштеп чыгат. Бул болсо, душмандарыбыз үчүн эскертүү болот жана аларды жеңүүгө жол ачып берет”, – деди АКШнын ички коопсуздук министри Жорж Вашингтон университетинде сүйлөгөн сөзүндө.

Анын айтымында, АКШнын душмандары “террорчулар” эле эмес, “террорчулар” сыяктуу мыйзамсыз топторду түзүү үчүн ыңгайлуу учурдан пайдалануучу кылмышкерлер да бар.

Нильсендин билдиришинче, “террорчулар” жана кылмышкерлер белгилүү бир географиялык аймактарга өкүмдар болгон доор артта калды. Ошондуктан, эмдиги маселе алар кайда болушуна карабастан, аларга каршы туруктуу күрөш жөнүндө болот.

“Душмандарыбыз чек араларды урматтабайт. Алардын коркунучу бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бар, белгилүү бир географиялык аймактарга чектелген эмес. Биз да кудум ушундай жолду карманышыбыз керек”, – деп сөзүн аяктады Нильсен.

Туркистон:

АКШ өзүнүн аскерий баскынчылыгы үчүн дүйнөнүн чек араларын алып таштамакчы болууда. Ал буга чейин деле дүйнө чек аралары менен эсептешкен эмес.  АКШ жарандары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине визасыз кирип-чыгып жүрө берет. Демек, АКШ тыңчылары үчүн дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик бардык эшиктери ачык болгон. Эми дүйнөнүн бардык жеринде ачык, расмий аскерий аракет алып баруу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдаштырып алмакчы болууда. Эл аралык мыйзам болсо анын кызыкчылыгына ылайык көрүнүштө, алсыз мамлекеттерди аскерий колония кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип берет. Т.а. АКШ бирер мамлекетте алгач өзү үчүн саясий, экономикалык же стратегиялык кызыкчылыгын белгилейт. Андан соң ошол мамлекетте терроризм коркунучун жасалма түрдө пайда кылат. Андан соң, ал региондун ички иштерине аралашуу мүмкүнчүлүгүн ишке салып, керек болсо аскерий жол менен басып алышы да мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here