Жеймс Жеффри Түркиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

297
0

Жеймс Жеффри Түркиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШнын юстиция жана ички иштер министрлеринин Түркиядагы мүлкүн тоңдуруп коюу менен коркутуп, долларга чабуул кылып жаткан бир учурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Жеймс Жeффри менен жолугушту. Жолугушууда Сириядагы өзгөрүүлөр тууралуу пикир алмашылды.

Жеффри АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Сирия боюнча атайын өкүлү. Мындан тышкары, Чавушоглу америкалык кесиптеши Майк Помпео менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Атайын өкүл чет өлкөгө алгачкы расмий сапарынын алкагында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар менен да жолугушту. Жолугушуу жабык эшик артында өттү. Жолугушууда Сириядагы акыркы окуялар боюнча пикир алмашуу болгондугу кабарланды.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис да АКШнын башкы штабынын башчысы генерал Жозеф Данфорд менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында, бир нече маселелерде Түркия менен кызматташтыкта иш алып барып жаткандыгын билдирди. Мэттис Түркия жөнүндө берилген суроого жооп иретинде, Анкара менен көптөгөн маселелер боюнча жакындан кызматташып жаткандыгын баса белгиледи.

“Биз Түркия менен көптөгөн маселелерде биргеликте иш алып баруудабыз. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар менен кечээ күнү телефондо сүйлөштүм. Биз кийинки маселелер боюнча да иштешип жатабыз. Аскерий машыгуудан өткөрүүчү топ Анкарага жетип барды. (Түрк тарап менен) биргеликте ишке ашырыла турган патрулдук кызматка шарт түзө турган жараянга жакындап калдык. Тез арада бул патрулдук кызматты биргеликте ишке ашырабыз. Бул маселелерде Түркия менен биргеликтеги  иш-аракетибизди улантышыбызга ишенем”, – деди Мэттис.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here