Пентагон: Кытай чабуулга даярданууда

340
0

Пентагон: Кытай чабуулга даярданууда

АКШ Коргоо министрлигинин отчётунда келишинче, Кытай армиясы бир топ жылдардан бери бомба ташуучу каражаттардан пайдаланууну камтыган ишмердүүлүгүн кеңейтүүдө. Анын бул аракети Вашингтон жана анын союздаштарына сокку берүүүгө каратылгандай болууда.

О.э. Пентагондун жылдык отчётунда Кытайдын глобалдык таасирин кеңейтүү аракеттери жана Кытай 2017-жылы коргонуу тармагына жумшаган чыгымы 190 миллион доллардан ашкандыгы көрсөтүлдү.

“Өткөн үч жылдын ичинде Кытай армиясы деңизде тажрыйбасын ашыруу менен суу үстүндөгү операциялар аймагын кеңейтүү боюнча иш алып барды. АКШ жана анын союздаштарынын позицияларына түздөн-түз сокку берүү үчүн машыгуудан өтүп жаткан болушу мүмкүн”, “Кытай армиясы космосто да аскерий мүмкүнчүлүгүн бекемдөөнү улантууда. Кытай космостук программасы тездик менен өнүгүүдө”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кабарда келишинче, 2028-жылга барып Кытайдын расмий коргоо бюджети 240 миллиард доллардан ашат.

Өз кезегинде, Кытай да АКШны суверенитетти бузгандыкта айыптап жатат. Кытай Тышкы иштер министрлиги Вашингтон эл аралык мыйзамды бузгандыгын жана Кытайдын улуттук коопсуздугу коркунучта калгандыгын жарыя кылды.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жианг Чуанг АКШнын аракеттери Кытайдын суверенитети жана коопсуздугуна зыян жеткиргендигин айтып: “Американын согуштук техникалары тараптан ишке ашырылган аракеттер Кытай мыйзамдарын жана эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here