Россия “терроризм” менен күрөшүүдө Иорданияга кеңири масштабдуу эл аралык координацияны сунуштады
Россия өткөн ишемби күнү Иорданиянын Фахис шаарында жүз берген террордук чабуулду катуу каралап, Иордан өкмөтүн “терроризм”ге каршы күрөштө колдой тургандыгын билдирди жана ага кеңири масштабдуу эл аралык координацияны сунуштады.
“Террористтер тарабынан Иорданияда ишке ашырылган жаңы террордук аракетти расмий Москва катуу каралайт. Бул аракет алардын экстримисттерге таандык табиятын ачык көрсөтүүдө. Алар үчүн мындай аракеттерди кайсы жерде ишке ашыруунун айырмасы жок”, “Бул террордук операциялар, мамлекеттер ортосунда тоскоолдуксуз өтүп жүргөн террорчу уюмдарга каршы күрөшүү үчүн кеңири масштабдуу эл аралык координация пайда кылуу зарыл экендигин дагы бир жолу далилдеди”, -деп айтылат Россия Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү тараткан билдирүүдө.
О.э. Москва терроризмге каршы Иордания калкын колдой тургандыгы да баса белгиленди.
10-августтан 11-августка караган түнү Иордания коопсуздук күчтөрү жана полициясы борбор калаа Амманга жакын жердеги Фахис шаарында өткөрүп жаткан операция учурунда автомобилге орнотулган колго жасалган жардыруучу зат жарылган. Натыйжада коопсуздук күчтөрүнүн бир кызматкери каза болуп, бир нече адам жарадар болгон.