Путин АКШнын жаңы санкцияларын талкуулоо үчүн РФ Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырды

431
0

Путин АКШнын жаңы санкцияларын талкуулоо үчүн РФ Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырды

Россия президенти Владимир Путин Россия Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен АКШ тараптан болушу мүмкүн болгон жаңы санкциялар маселесин талкуулады.

РФ президентинин маалымат кызматы: “О.э. Вашингтон тараптан болушу мүмкүн болгон, соода чектөөлөрү көрүнүшүндөгү жаңы  аракеттер маселеси талкууланды… Мындай аракеттер эл аралык укук жагынан толук мыйзамсыз экендиги айтылды”, – деп кабарлады.

Жыйынга РФ мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин, президенттик админстрациянын башчысы Антон Вайно, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Коргоо министри Сергей Шойгу, ФСБнын башчысы Александр Бортниковдор катышты.

АКШ тараптан Россияга каршы жарыя кылынган жаңы санкциялар 22-августтан баштап күчүнө кирет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here