Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Ысык-Көлдө жолугушат
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Каримов жетекчилигиндеги делегация 20-22-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Ысык-Көлгө келет. Бул тууралуу Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кабарда келишинче, Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан республикаларынын тышкы иштер министрлери 2018-жыл 15-мартта Астана шаарында өткөн Борбор Азия жетекчилеринин консултативдик жолугушусунда каралган келишимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашат. О.э. күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык маанилүү маселелер боюнча пикир алмашышат.