Шавкат Мирзиёев кылмышкерлерди экстрадициялоо келишимине кол койду

421
0

Шавкат Мирзиёев кылмышкерлерди экстрадициялоо келишимине кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркия менен Өзбекстандын ортосунда кылмышкерлерди өз мамлекетине кайтаруу туурасындагы келишимге кол койду. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 30-апрель күнү Ташкентке сапары учурунда аталган келишимге кол койгон эле. Келишимге ылайык, өз өлкөсүндө зулум жана кысымдарга учурап, качкынга айланган жана Түркиядан башбаанек тапкан адамдар өз өлкөсүнө экстрадиция кылынат.

Эки өлкөнүн расмийлери кол койгон келишим долбоорун алгач Өзбекстандын Сенаты макулдады. Сенаттын билдирүүсүндө келишинче, ушул келишим кылмышкерлер кылмыштарына жараша жоопкерчиликке тартылышы үчүн мыйзамдуу негиз болуп кызмат кылат жана эки өлкө ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөштө мындан да натыйжалуу кызматташууга шарт түзөт.

Келишимге Эрдогандын сапары учурунда Өзбекстан башкы прокуратурасы жана Түркия юстиция министрлиги деңгээлинде кол коюлган эле. Ал эми, өзбек бийлигинин назарында “кылмышкер” деп табылган Өзбекстан жарандарын мекенине экстрадициялоо иштери Эрдогандын Ташкентке сапарынан мурун да бир нече жолу күзөтүлгөн. Мисалы, былтыр  адам укугун коргоочу уюмдардын аракеттерине карабастан, эки өзбекстандык жаран мажбурлап самолётко чыгарылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here