Трамп: АКШ НАТОго мүчө мамлекеттердин саясатынан үмүтсүздүккө түшүүдө  

496
0

Трамп: АКШ НАТОго мүчө мамлекеттердин саясатынан үмүтсүздүккө түшүүдө  

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерине кат жолдоп, альянска мүчө айрым өлкөлөр коргонууга кетүүчү каражатты көбөйтпөгөнүнөн үмүтсүздүккө түшүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу “The New York Times” гезити кабарлаган.

Гезиттин кабарына таянсак, мындай каттар өткөн айда таратылган. Бул каттарды алуучулардын арасында Германия, Бельгия, Норвегия жана Канаданын өлкө башчылары бар.

 Гезит, Трамп Ангела Меркелге жазган каттын: “Сиздин апрель айындагы сапарыңыз учурунда талкуулашкандай, айрым союздаштар убада бергенине карабастан, (коргонуу үчүн каражатты) көбөйтпөгөндүктөн, АКШда үмүтсүздүк күчөп барууда”, – деген жерин цитата кылып келтирген.

Трамп ушул катта белгилегендей, коргонуу чыгымдары жетишсиз болуп жатканы НАТОнун коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө о.э. альянска мүчө өлкөлөрдүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүү туурасында берген убадаларын аткарбастыгына түрткү болууда.

Дональд Трамп НАТОго мүчө башка өлкөлөрдүн башчыларына жолдогон катында да ушундай нааразылыгын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here