Россия АКШнын үстүнөн ДСУга арызданды
Россиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин билдиргендей, Россия Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) АКШнын болот жана алюминийге кошумча бажы төлөмдөрүн киргизиши боюнча арыз менен кайрылды. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
“Россия Дүйнөлүк соода уюмуна АКШнын болот жана алюминийге кошумча бажы төлөмдөрүн киргизиши боюнча арыз менен кайрылды”, – деди Орешкин.
Анын айтымында, арызданууга АКШнын ДСУнун эрежелерин көп жолу бузгандыгы себеп болгон.
О.э. Россиядан тышкары, Кытай, Индия, Евробиримдик, Канада, Мексика жана Норвегия да АКШнын үстүнөн арызданганы айтылууда.
Буга чейин, Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШ тараптан болот жана алюминийге киргизилген бажы төлөмдөрү мыйзамга тескери экендигин айткан. Анын айтмында, Германия бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну каалайт.