Нефть баалары, Малайзия жана Армениядагы шайлоолор

456
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Нефть баалары, Малайзия жана Армениядагы шайлоолор

Биринчи суроо: 24-майда мунай баасы көңүл бураарлык деңгээлде көтөрүлдү. Бир баррель мунайдын баасы 79 долларга чыкты. Техас мунайынын баасы 71 долларга көтөрүлдү. Мындай кымбаттоо 2014-жылдан бери биринчи жолу болду. Бул көрүнүш мунайдын кымбатташынын жаңы баскычына кирип жаткандыгын түшүндүрөбү? Мурдагыдай бир баррель мунайдын баасы 150 долларга чыга турган абалдын астында турабызбы? Мунун себеби эмне?

Жооб: Нефть дагы башка өндүрүмдөр (товарлар) сыяктуу эле сунуш жана талаптан көз каранды. Ошону менен бирге, башка товарлар сыяктуу да эмес. Нефтинин баасы дээрлик туруктуу эмес. Башкача айтканда, суроо-талаптын өзгөрүүсү ага түздөн түз таасир этет. Бул абал мунай базарындагы абалга байланыштуу. Буга кошумча спекуляция (сатуу жана сатып алуу ортосундагы айырмадан пайда табуу) таасири да бар. Айрыкча саясий туруксуздуктар базардагы абалга да таасир кылат. Мунун баяны төмөнкүдөй:

  • Саясий кырдаал:

а)   Мунай өндүрүүчү өлкөлөр (ОПЕК) жана ага мүчө эмес өлкөлөр мунай өндүрүүнү белгилүү бир деңгээлде азайтууга келишишкен. 2016-жылдын аягындагы Орусия менен ОПЕКке мүчө өлкөлөр ортосундагы келишимде күнүмдүк мунай өндүрүүнү 1.8 милион баррелге кыскартууга келишилген. Бул базардагы ашыкча мунайды азайтуу жана анын баасын көтөрүүгө каратылган. ОПЕКтин S&P Global Plas изилдөөсүнө ылайык, ага мүчө өлкөлөр 2018-жылдын март айындагыга караганда апрель айында 140 миң баррелге аз өндүргөн. Башкача айтканда, күнүнө 32.73 миллион баррель мунай өндүрүлгөн. Бул ОПЕКтин бекиткен токтомунан 730 миң баррелге аздык кылат. ОПЕКтин бекиткен токтому жыл аягына чейин уланат. Эгер, абал ушундай болсо мунайдын баасы кымбаттай берет. Муну узак мөөнөттүү изилдөө компаниясынын (Aspects) мүдүрү Мэтью Барри мындай деп тастыктады: «Биз абалды көрүп турабыз. Бул абал келечекте да кайталанат. Анткени, сунуш же коркунучтар мунайдын баасына таасир эте баштады». (https://www.marketwatch.com).

б)   Венесуэладагы саясий экономикалык кырдаал анын мунай өндүрүү кудуретине түздөн-түз таасир кылат. Ал 2018-жылдын апрель айында күнүнө 1,41 миллион баррель мунай өндүргөн. Бул дегени март айындагыга караганда күнүнө 80 миң баррелге, 2017-жылга салыштырмалуу күнүнө 540 миң баррель аз өндүрүп жаткандыгын билдирет. Мунай өндүрүшүнүн басаңдашынын себеби Венесуэланын саясатына барып такалат. Венесуэладагы мунай өндүрүү компаниясынын (PDVSA) башкаруусу өтө начар абалда. Өткөн айда «Conoco Phillips» компаниясы «PDVSA» компаниясын Венесуэладагы эки мунай долбоорун конфискация кылып алгандыгы себептүү эки миллиард долларлык доого жыкты. «PDVSA» компаниясы бул карызын төлөөдө алсыздык кылды… Ушунун баары Венесуэлдагы мунай өндүрүшүнө кедергисин тийгизди. Кийин болсо бул абал сунуштун азайышына алып келди. Сунуштун азайышы менен талап күчөп баа көтөрүлдү.

в)   Трамптын Иран өзөктүк келишиминен чыгып кетиши жана кайрадан Иранга карата санкцияларды күчүнө киргизиши мунай баасына таасирин тийгизди. Иранга карата санкциялардын бир катары 2012-жылы Обама учурунда киргизилген. Теориялык жактан караганда Ирандын мунай өндүрүүсү күнүнө 20 пайызга 500 миң баррелден 400 миң баррелге чейин азайышы мүмкүн. Мындай абал азыркы мунай баасы менен алып караганда айына бир миллиард долларга барабар деңгээлде Иран мунай өндүрүшү кыскарат. Ошол эле маалда Америка Иранга карата кандай санкция топтомун киргизээрин да ачыктаган жок. Бирок абал санкциялар топтому Ирандын мунай өндүрүшүнө каратыларын көргөзүп турат.

Мына ушул үчөө сунуштун азайышына, талаптын өсүшүнө жана мунайдын кымбатташына алып келди.

  • Талап өстү:

а)   Мунайга болгон талап дагы күчөдү. Эл аралык энергия агенттиги 2017-жылга караганда 2018-жылы күнүмдүк мунай керектөө талабы 97,8 миллион баррелге өсүшү мүмкүн деген изилдөөсүн жарыялады. Башкы кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык агенттик күнүмдүк мунай керектөө талабы 2018-жылы 1,3 миллиондон 1,4 миллион баррелге өсө тургандыгын билдирди. Эл аралык Валюта Фонду бул жылы келээрки жылга карата экономикалык өсүш баасын берди. Эл аралык Энергия Агенттиги айлык отчетунда 2017-жылы күнүмдүк мунай керектөө талабы 1,6 миллион баррелге өскөндүгүн билдирди. (https://www.reuters.com).

б)   Дагы бир тараптан мунайга болгон талаптын өсүшү Кытайда жогору болду. 2018-жылы апрель айында Кытай күнүнө 9 миллион баррель чийки мунай керектеди. Башкача айтканда, мурдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлде болду. Бул бүткүл дүйнөлүк мунай керектөөнүн 10 пайызын Азиянын үчтөн бир мунай керектөөсүн түзөт. Эгер мунайдын баасы 75 доллар болсо, Кытайдын айына мунай импорттоосу 20 миллиард долларды түзөт. Мунайга болгон мындай суроо-талаптын өсүшү мунайды коромжу кылбоо сезонуна карабастан өсүүдө. Адатта жылдын бул убактысында мунай импорттоо азайган маал болот. Бул нерсе Кытайдын мунай керектөөсү күтүлгөндөн да жогору болуп жаткандыгын ачыктап жатат. Американын «Goldman Sachs» компаниясы өз кардарларына карата билдирүүсүндө мындай деди: «Кытайдын мунай керекөөгө карата талабы учурдагы күтүлгөн нерседен да жогору болуп жатат». (https://www.reuters.com).

Жогоруда айтылып өткөндөргө негизделип мунайга болгон талап өстү. Ошого негизделип анын баасы да кымбаттады.

  • Алып сатарлык: мунайга болгон суроо талаптын өсүшү менен алып сатарлык да тез кыймылга келди. Буга кошумча базардын абалы туруктуу болушу кыйын… Ушуга жараша мунайдын баасы кымбат же арзан болушу менен алып сатарлык да өз таасирин тийгизет. Ири Хедж-Фонддор мунай базарында сунуш кылууда жана сатууда чоң роль ойношот. Ошого негизделип алып сатарлыктын эки мизи бар. Биринчисинде, талаптын өсүшүнө таасир кылып мунайдын баасын жогорулатышы мүмкүн. Экинчисинде, талапты азайтып мунайдын баасын түшүрүшү мүмкүн. Бирок, учурдагы мунайдын баасынын көтөрүлүшүнө алып сатарлык анча таасир эткен жок. Балким биз баяндап өткөндөй сунуш-талап маселеси негизги ролду ойноду.
  • Ал эми мунайдын бир баррель баасы 150 долларга же ага чейинки баага көтөрүлүшү вакыйга дал келбейт. Анткени азыркы дүйнөлүк экономиканын абалы аны көтөрө албайт. Ушуга негизделип мунайдын баасы бир баррели 100 долларга чейин акырындык менен өсүүсү күтүлөт. Айрыкча, Кытай менен Америка ортосунда качып кутулгус соода согушу мунайга болгон талаптын төмөндөшүнө таасир берет. Мындай абал мунайдын баасынын төмөндөшүнө жеңил шарт жаратат. Буга кошумча мунайдын баасынын жогору болушу Америка кызыкчылыгына дал келбей баштаганда Америка ОПЕКке мүчө өлкөлөргө Саудия аркылуу кысым өткөрөт.

===============

Экинчи суроо: 2018-жылы 9-майда Малайзияда шайлоо болуп өттү. Шайлоо натыйжасында Нажиб (2009–2018-жылдары премьер-министр болгон) премьер-министрликтен бошоду жана премьер-министрликке Махатхир Мухаммад (1981–2003-жылдары жана 2018-жылы премьер-министр болду) кайтты. Белгилүү болгондой, Махатхир Мухаммаддын жашы токсондон ашкан. Ушул шайлоолордун артында белгилүү бир план тургандай туюлууда. Бул жерде тышкы факторлор барбы, же, айтылып жаткандай, бул жергиликтүү демократиялык оюнбу?

Жооб:

  • Малайзия – Малакка жарым аралынын түштүк бөлүгүн жана Калимантан аралынын түндүк бөлүгүн өз ичине камтыйт. Бул аралдарды Түштүк Кытай деңизи бөлүп турат. Бул региондо миладий 13 кылымда мусулман соодагерлер аркылуу Ислам жайылган. Ал жерде Ислам катардагы адамдардын арасында жайылышынан мурун оболу акимдер жана элита өкүлдөрү Исламды кабыл алышкан. Монголдордун баскынчылыгы себептүү кургактык соода жолдору үзүлүп калгандан кийин – деңиз соода жолун күчөткөндүктөн – Малай аралында жайгашкан Малка султандыгынын аброю көтөрүлдү. Миладий 15 кылымда Султандык Кытай таасиринен чыгып көз карандысыздыкка жетишти жана бат эле Исламды кабыл алды. Ушул султандык кубатка жана абройго ээ болгондуктан региондо Ислам тез жайылды. Бирок, 1511-жылы регионду Португалия колонизаторлору басып алды. Анткени, парага сатылган адам португалдарга чептин дарбазасын ачып берген. Кийин 1641-жылы голландиялыктар келди. Британия бул жарым аралдагы колонизаторлукту 1786-жылы баштады. Британия колонизаторлукту соода келишимдерин түзүү жана портторду ижарага алуу о.э. өзүнүн стратегиясы аркылуу ишке ашырды. Британиянын стратегиясы жергиликтүү калк түрдүү тектерден түзүлгөндүгүнөн пайдаланып, аларды амалий акимдерге айлантуу, ошону менен бирге, сакталып калган султандарды шарттуу акимдер катары кармап турууга негизделген. Жарым аралдагы Малакка союзу 1957-жылы британиялыктардан расмий түрдө көз карандысыздыкка жетишти. Малакка союзу Калимантан жарым аралы жана Сингапур менен бириккенден кийин 1963-жылы Малайзия мамлекети түзүлдү. Бирок, 1965-жылы Малайзия парламентинде добуш берүү аркылуу Сингапур Малайзиядан бөлүнүп чыкты.
  • Жада калса, эгемендүүлүктөн кийин да Малайзияда Британиянын саясий өкүмдарлыгы уланып келе жатканы анык. Мисалы:

а)   Малайзия «Британия кызматташтыгына» жана «Кошулбоо» кыймылына мүчө болду. Малайзия бул кыймылга 2003-жылы кошулду. О.э. Малайзия Түштүк-Чыгыш Азия калктарынын робитасы жана Исламий конференция уюмунун негиздөөчү мүчөсү. Премьер-министр Тунку Абдуррахман (1963–1970) уюмдун биринчи башкы катчысы болгон.

б)   Британия Чыгыш Сувайштан (Сингапурдагы аскерий базасынан) чыгып кеткендан кийин 1971-жылы Бириккен Королдук, Австралия, Жаңы Зеландия, Малайзия жана Сингапур мамлекеттери ортосунда беш тараптуу коргоо келишимине кол коюлду. Ушуну айтып өтүү орундуу, 1971-жылы Австралияны либерал партия башкарган. Бул партия жыйырманчы кылымда британиялыктарга жан тарткан.

в)   Премьер-министр Махатхир Мухаммад Америкага жан тарткан Азия-Тынч океаны экономикалык кызматташтык уюмун (APEC) түзүүгө каршы чыккан. Бул уюмду түзүү иштерин 1989-жылы Америкага берилген «Жумушчулар (лейбористтер) партиясынын» башчысы Роберт Хоук жетекчилигинде Австралия баштаган. 1993-жылы Кошмо Штаттардын Сиэтл шаарында болуп өткөн APEC уюмунун саммитине Махатхир келбегендиктен лейбористтер партиясынын жетекчиси Хоук жана премьер-министр Пол Китинг аны «козголоңчу» деп аташкан.

г)   Махатхир Мухаммад 1997-жылы APEC уюмуна альтернатива катары Америка жана Австралия кошулбаган Чыгыш Азия экономикалык коомун түзүүнү сунуштады. Бирок, бул идея ийгиликсиздикке учурады жана кийинчерээк ал Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин кызматташтык саммитине өзгөртүлдү. Бул саммит Австралияны да өз ичине алды. Бирок, ал Британияга берилген премьер-министр Жон Говард башчылыгында болду. Ошону менен бирге, бул бирикмеден Америка четтетилди. Америка менен Россия 2011-жылда гана бул бирикмеге кошула алды.

  • Британия Америка Малайзиянын мурунку премьер-министри Нажиб Раззакка кызыгып жатканын сезди жана ал Малайзиянын Британияга берилген мурунку өкмөттүн премьер-министри болушуна карабастан, анын Америка тарапка бурулуп кетишинен коркту. Британиянын тычсыздануусунун айрым белгилери:

а)   Барак Обама 2014-жылы апрель айында Малайзияга сапар кылды жана ал болжол менен 50 жылдан бери Малайзияга сапар кылган биринчи Америка президенти болду. Обама Малайзия-Америка мамилелерин «ар тараптуу кызматташуу» деңгээлине көтөрүүгө чечим кылды жана бул Обама кабыл алган «Азия огу» саясатынын бир бөлүгү болду.

б)   Нажиб менен Обама 2014-жылы декабрь айында Гавайиде достор катары бирге гольф ойношту… Обама 2015-жылы ноябрда Малайзияга экинчи жолу сапар жасады.

в)   Нажиб Америка демилгеси болгон Тынч Океаны Кызматташтык союзун (ТРР) түзүү демилгесин катуу колдоп-кубаттады жана бул союзга Америка да кошулуусун абдан талап кылды. Америка Трамп доорунда ТРРден чыгып кетти, ошондо Нажиб соода программасын улантуу үчүн Япония менен бирге иштеди. «Кошмо Штаттардын чыгып кетиши артынан бузулууга жакын калган ТРРде 11 мамлекет кайра кошулду жана мында Вьетнам менен Малайзия негизги ролду ойношту. Себеби, Кошмо Штаттар чыгып кеткенден кийин ТРР дээрлик кулоого жакын калган эле». (https://asia.nikkei.com/Economy/Vietnam-and-Malaysia-play-vital-roles-in-making-TPP- 11-).

  • 2018-жылдагы шайлоолордун жакындашуусу менен чамасы Британия бийликке кайтуу үчүн оппозиция платформасынан пайдаланып жаткан анын эски кызматчысына жана «күйөрманына» кайра дагы жүздөнүп жаткан көрүнөт. Негизи, ошондой эле болду… Учурда, Малайзия Британия саясатына ээрчип Америка саясатынан алыстоосу жана Американын региондогу аралашуусуна чек коюу үчүн кайра иш-аракет башташы күтүлүүдө.

================

Үчүнчү суроо: Арменияда Россияга жан тарткан өкмөткө каршы үч аптадан бери уланып келе жаткан демонстрацияларды токтотуу үчүн Армения парламенти 2018-жылы 8-майда оппозициячы Никол Пашинянды бир добуштан премьер-министр кылып шайлады. Армениядагы мындай саясий өзгөрүүнүн көлөмү кандай даражада? Бул, Россиянын Армениядагы таасирине чекит коюлушун түшүндүрөбү? Бул маселеде Батыштын т.а. Америка менен Европанын ролу барбы?

Жооб: бул окуяларды түшүндүрүү үчүн ушул нерселерди карап чыгабыз:

  • Армения – калкы төрт миллионго жеткен кичине мамлекет. Армения Советтер Союзу ыдырашы менен эгемендүүлүккө жетишкен. Республикалык партия Арменияны 1999-жылдан бери башкарып келет. Партиянын төрагасы Серж Саргсян нааразылыктардын натыйжасында иштен алынды. Бул партиянын азыркы төрагасы президент Серж Саргсян толук эки мөөнөт президент болду. Парламентте оппозициячыл партиялар бар экендигине карабастан, Саргсяндын башкаруусу диктатор жана Россияга малай катары кеңири таанылган. Өлкө конституциясында эки мөөнөт президент болууга жол берилбейт. Серж Саргсян бийликте калуу үчүн конституцияга өзгөртүү киргизди, өзгөртүүгө ылайык президенттик мансап символдук мансабга айланды жана амалий бийлик болсо премьер-министрдин колуна өттү. Серж Саргсян президенттигинин экинчи мөөнөтү бүтөрү менен премьер-министр болду. «Серж Саргсян башкаруудагы чеңгелин бекемдөө үчүн кадам шилтеди. Анын бийликте калышына каршы Ереванда миңдеген киши демонстрацияга чыкканына карабастан, Армения парламенти мурунку президент Серж Саргсянды премьер-министр кылып шайлады. Парламент 63 жаштагы Саргсяндын жаңы мансапты ээлешине ыраазы болду. Өткөн аптанын акырында Саргсяндын экинчи президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин аны премьер-министрликке колдоп 77 добуш берилген болсо, 17 каршы добуш берилди…». (Күн, 2018-жыл, 17-апрель). Саргсяндын премьер-министрликке дайындалышына каршы элдик каршылыктар күчөдү. Анткени, Саргсян президент болгон доор армяндар туш болгон экономикалык кыйынчылыктар жана элге мүмкүнчүлүктөр берилбегени менен өзгөчөлөнүп турат. Мунун биринчи себепчиси – бийликтеги коррупция. Андан тышкары, өлкөдө нефть, газ жана чийки сырьё сыяктуу табигый ресурстар аз. Оппозициячыл «Елк» партиясы бүткүл этибарын ушул нерселерге каратты. Кийин Арменияда нааразылыктар башталды. Бул нааразылык демонстрациялары оппозициячы Никол Пашинянда көөдөлөнгөн жаңы «элдик лидерди» майданга алып чыкты.
  • Нааразылык демонстрацияларына негизинен Саргсян доорунда экономикалык кырдаалдын бузулушу түрткү болду. Постсоветтик мамлекеттер катары Армениядагы бийлик да административдик жана финансылык коррупцияга малынган, мамлекеттик органдардагы паракорлук адамдардын айласын кетирген даражада күчөгөн. Турмуштагы кыйынчылыктар себептүү эл бийликке абдан нааразы. Адамдар Саргсян президенттигинин экинчи мөөнөтү бүтүшүн күтүп күн санап турганда капыстан ал премьер-министрлик мансабына келди. Адамдар анын башкаруусуна каршы козголду. Кырдаал Саргсяндын отставкасы жана оппозициячы Пашиняндын премьер-министрлик мансабына келиши менен аяктады. Экономикалык маселе, ошону менен бирге, демократияга алакадар маселелер маанилүү болгондуктан жаңы премьер-министр Пашинян өкмөттү түзгөндөн кийин парламенттик шайлоолорду өткөрүү зарылдыгын жана «бардык тармакта кеңири көлөмдүү реформаларды өткөрүүгө киришүү зарылдыгын баса белгиледи. Пашинян «Арменияны демократиялаштырууга», мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, жеке экономикалык кызыкчылыктарды өкмөттөн бөлүүгө жана инвестициялык чөйрөнү түптөн жакшылоого убада берди». (Армения, 2018-жыл, 14-апрель).

Мына ушулардан Армениядагы саясий өзгөрүүлөр алгач жергиликтүү факторлор себептүү пайда болгонун көрүнүп турат.

  • Реакциялар:

а)   Америка демонстрациялар маалында Армениядагы кырдаалды тыкыр күзөтүп жатканын жарыялады. Көрүнүп тургандай, ал Арменияда өз таасирини кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүдө. Пашинян премьер-министрликке дайындалгандан кийин «АКШ тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хизер Нойерт шейшемби күнү берген билдирүүсүндө: «Кошмо Штаттар Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинянды премьер-министрликке шайланганы менен куттуктайт», – деди. Ал дагы: «Биз эки өлкө ортосунда ортоктош мааниге ээ болгон түрдүү тармактарда, анын катарында, соода-сатыкты кеңейтүү, демократия жана мыйзам үстөмдүгүн колдоп-кубаттоо үстүндө иштөөнү, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту коргоо жаатында жаңы өкмөт жана Армения калкы менен түздөн-түз иш баштоону ынтызарлык менен күтүп жатабыз», – деп кошумчалады». (Армения кабарлары, 2018-жыл, 9-май).

б)   Европага келсек, «Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Федерика Могерини Армения премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Европа Союзу жарыялаган билдирүүдө Могерини Пашинянды мүмкүнчүлүктөгү эң жакын убакыт ичинде Брюсселге келүүгө чакырды. Билдирүүдө мындай делет: «Европа Союзунун жогорку өкүлү, Европа комиссиясы төрагасынын орун басары Федерика Могерини кече түштөн кийин Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны Армениянын жаңы премьер-министри болуп шайланганы менен куттуктады. Ал Европа Союзу менен Армения ортосундагы кызматташтыктын маанисине басым жасап, Пашинян менен жолугушууга ынтызарлыгын билдирди. Жогорку өкүл премьер-министрди мүмкүнчүлүктөгү эң жакын убакыт ичинде Брюсселге келүүгө чакырды». (ARMENPRESS, 2018-жыл, 9-май).

в)   Россияга келсек, Пашинян 2018-жылы 8-майда парламентте премьер-министр болуп шайлангандан кийин «Россия президенти Владимир Путин ага куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Путин телеграммада Пашинян Россия менен Армения ортосундагы кызматташтык алакаларын о.э. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Евроазия Экономикалык Союзу жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму алкагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдешин билдирди… Пашинян мындан мурун анын өлкөсү менен Россия ортосундагы аскерий жана стратегиялык кызматташтык Армения мамлекетинин коопсуздугунун негизи болуп эсептелишин билдирген. Ал парламентте өткөн атайын жыйында Россия менен стратегиялык кызматташтык мамилелери Армениянын биринчи даражадагы маселеси болуп каларын кошумчалады. Пашинян анын өлкөсү Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан жана Евроазия Экономикалык Союзунан чыкпашын айтты. Белгилүү болгондой, бул союзга Россия, Казакстан, Белорусия, Армения жана Кыргызстан кирет». (Русиял Явм, 2018-жыл, 8-май).

Россиянын Армениядагы тынчсызданууларын жоюу үчүн «Пашинян мындай деди: «Арменияда башталган саясий жараян геосаясий мазмунга ээ эмес». Ал: «Биз өз аракетибизде Кошмо Штаттар же Европа кызыкчылыктарына таянбайбыз, Армения жана анын калкынын кызыкчылыктарына таянабыз», – деп билдирди. О.э. ал: «Биздин демонстрацияларыбыз Россияга каршы багытталбаган. Андан тышкары, демонстрациялар Украинадагы окуяларга окшобойт», – деп сөзүн улантты». (DARAJ, 2018-жыл, 1-май).

  • Мындан көрүнүп тургандай, Россиянын Арменияда өз таасирин сактап калуу мүмкүнчүлүгү дале бар. Ошондуктан, Россия президенти Пашинянды Сочиде жолугушууга чакырды. Алардын ортосунда болуп өткөн ушул биринчи жолугушууда «Армения жаңы премьер-министри Никол Пашинян Россия президенти Владимир Путинге Россия менен аскерий тармакта алакаларды дагы да өнүктүрүүнү көздөп жатканын жана эки өлкө ортосунда стратегиялык алакалардын маанилүүлүгүнө эч ким күмөн санабастыгын айтты». (Рейтер, 2018-жыл, 14-май).

Пашинян мындай деди: ««Ишенемин, Армения менен Россия алакалары стратегиялык жактан маанилүү экенине Арменияда эч ким күмөн санабаган жана күмөн санабайт. Биз саясий, экономикалык жана соода-сатык алакаларына жаңы күч багыштайбыз». Армения жетекчиси Россиянын Армениядагы соңку саясий кризис маалындагы туруктуу позициясын Армения калкы жогору баалап жатканын өзгөчө баса белгилеп өттү». (Русиял Явм, 2018-жыл, 14-май).

Россиянын Арменияда өз таасирин сактап калуу мүмкүнчүлүгүн бир нерсе бекемдөөдө, ал да болсо «Армян түйүнү». Ушул «Армян түйүнү» себептүү оппозиция Россияга далын сала албайт. Т.а. Армения мусулмандардын курчоосунда турат жана ар дайым ушул исламий курчоодон тынчсызданып жашайт. Армениянын бир тараптагы кошунасы – Азербайжан. Мындан тышкары, Армения менен Азербайжан ортосунда Тоолуу Карабах жаңжалы турат. Армениянын дагы бир тараптагы кошунасы – Түркия. Армяндар жыйырманчы кылымдын башындагы кыргында Түркияны айыптап келет. Дагы бир тараптан Арменияга Иран кошуна. Туура, Армения географиялык жактан Россия менен түздөн-түз байланышпаган. Анткени, Арменияны Россиядан Грузия бөлүп турат, Россиянын түштүгү исламий бөлүнүү жаңжалдарына толо, мисалы Чеченстанда болгондой. Бирок, Армения географиялык жактан Россия менен түздөн-түз байланышпаган болсо да, бирок эл аралык жактан ага эң жакын күчтүү мамлекет – бул Россия. Ошондуктан, армяндар мусулман кошуундарына каршы күрөштө өздөрүн коопсуз сезишет. О.э. Арменияны көз карандысыздыкты алгандан бери турмуштук маанилүү каражаттар менен колдоп-кубаттап келе жаткан мамлекет да – ушул Россия. Мисалы, Тоолуу Карабах жаңжалында Россия аны аскерий жактан колдоп-кубаттаган. Ошону менен бирге, Россия колдоп жаткан турмуштук каражаттардын дагы бир жагы – карыздар, чексиз жардамдар, мунай жана газ. Анткени, Армениянын экономикасы алсыз. Ал жардамдарга жана армяндардын чет элден салып жаткан акчаларына таянып калган. Армения Россияны исламий коркунучтан сактап турган кубат деп билишет. Ошондуктан, Россиянын бул өлкөдөгү аскерий базалары жана Россия менен стратегиялык кызматташтык – Армениянын тышкы саясатындагы негиз десе болот. «Русиял Явм» 2018-жылы 24-апрелде жарыялаган кабарда нааразылык демонстрациялары учурунда айрым демонстранттар Россиядан Армениядагы аскерий базасын чыгарууну талап кылышкан болсо да, бул нерсе ошол аң-сезимсиз демонстранттардын чектелген талабы гана болду. Алар оппозициячы Пашинян Россиянын аскерий таасири сакталып калышын колдоп-кубаттаган билдирүүлөрүнүн артында кандай максат турганын түшүнүшпөйт.

  • Корутунду катары ушуну айтабыз, Армениядагы нааразылык демонстрациялары оппозиция бийликти алууга багытталган жергиликтүү сыпатка ээ. Мурунку башкаруу Россияга жакын эле. Анткени, Саркисян Россиянын эң ишенген кишилеринин бири болгон. Пашинян оппозициядан болуп, Саркисян Россияга андан да жакын болчу. Бирок, ага карабастан демонстрациянын күчтүү толкуну Россияны алыстагы арпадан жакындагы саман артык деп билүүгө үндөдү! Натыйжада, Россия нааразылык толкунун тизгиндеп, оппозицияга макул болду. Себеби, ал Батыш Армениядагы Россия таасирин жарып кире албашына кадыржам. Мунун себептерин жогоруда айтып өттүк. Бирок, ошого карабастан Батыш, өзгөчө, Америка Арменияны Россияга жөн гана таштап койбойт. Анткени, бул нерсе колонизатор мамлекеттер түрдүү ыплас ыкмалар жардамында алып барган күрөштөрүнөн маалым.

                                                                                                              10-рамазан, 1439-х.

                                                                                                                     26-май, 2018-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here