Кытай АКШны аймактык сууларына бастырып кирүүдө айыптады

338
0

Кытай АКШны аймактык сууларына бастырып кирүүдө айыптады

Америка аскерий кемелери өзүм билемдик менен Кытайдын аймактык сууларына бастырып кирди. Бул тууралуу Кытайдын коргоо министрлигинин өкүлү  У Цян кабарлады.

Цян буга чейин ЖМКларда тараган “Higgins” эсминеци жана башкарылуучу ракеталык куралга ээ “USS Antietam” крейсери Сиша (Парассельс) аралдарынан 12 деңиз миль аралыктан өткөндүгү тууралуу кабарларды тастыктаган.

 Кытай коргоо министрлигинин өкүлү: “АКШ кемелери 27-май күнү Кытай өкмөтүнүн уруксатысыз өзүм билемдик менен Сиша аралдары акваториясына бастырып кирди”,- деди.

Пекин буга жооп иретинде Түштүк-Кытай деңизине кемелер авиациясын жөнөткөн.

Кытай коргоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, америка аскерлерине Парассельс аралдары акваториясынан чыгып кетүүгө эскертүү берилген.

Кытай коргоо министрлиги мамлекеттин деңизден жана абадан коопсуздугун күчөтүүгө о.э. мамлекеттин суверенитетин коргооого убада берген. Пекиндин региондогу тынчтык жана туруктуулукту коргоодогу чечими олуттуу деп баса белгилөөдө Кытай коргоо министрлиги.

Пентагондун маалымат кызматынын өкүлү Кристофер Логан “РИА Новостиге” берген интервьюсунда: “АКШ Аскерий деңиз күчтөрүнүн кемелери Түштүк-Кытай деңизинде кемечилик эркиндиги жөнүндөгү эл аралык мыйзам негизинде аракеттенүүдө”, – деген.

 “АКШ күчтөрү Азия-Тынч океаны регионунда, ошону менен бирге Түштүк-Кытай деңизи аймагында күн сайын аракеттенет. Бардык аракеттер эл аралык мыйзам негизинде аткарылат жана АКШ мыйзамда уруксат берилген бардык жерде учат, сүзөт жана аракеттенет”, – деп айткан Логан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here