Алматы жана Астанада нааразылык акциясына чыккандар кармалды

341
0

Алматы жана Астанада нааразылык акциясына чыккандар кармалды

10-май күнү Алматы жана Астанада ондогон адамдар “саясий туткундарды камактан чыгаруу” талабы менен уруксат берилбеген нааразылык акциясын өткөрүштү.

Астанадагы Европа Союзунун дипломатиялык өкүлчүлүгү жайгашкан Космонавттар көчөсүндө топтолгон ондогон адамдар “Саясий туткундарга боштондук!”, “Боштондук!” – деп кыйкырып турушту.

Алматыда болсо ондогон адамдар эртелеп опера жана балет театрына жакын жерге топтолушту. Алар Казакстандагы укук коргоочулар “саясий туткун” деп баа берген адамдардын  сүрөттөрүн жана кыйноолорду токтотууну талап кылган лозунгдарды көтөрүп чыгышты.

Кабарда келишинче Алматыда 80ге чукул адам кармалган. Алардын арасында көчөдөн өтүп бара жаткан адамдар да болгон.

Буга чейин нааразылык акцияларынын алдында ондогон активисттер полицияга чакырылганы тууралуу кабарланган эле. Нааразылык акцияларын мамлекетте тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу”   кыймылы уюштурду. Бул кыймылды Европада жашынып жүргөн  Казакстандык ири ишкер, банкир, мурдагы энергетика министри  Мухтар Аблязов түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын март айында Астана соту аталган кыймылды экстремисттик уюм деп жарыя кылган.

Катышуучулардын айтымында, нааразылык акциясы Казакстанга Европа парламенттин расмий миссиясы келишине байланыштуу өткөрүлгөн. Аталган миссия Казакстан менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташтык жана шериктештик боюнча түзүлгөн келишимди Астана кандай аткарып жаткандыгына баа бериши керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here