Ким Чен Ын Кытай жетекчиси менен Пекинде жолугушту

416
0

Ким Чен Ын Кытай жетекчиси менен Пекинде жолугушту

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Кытайга жубайы менен расмий эмес визит жасап, компартиянын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Жолугушууда Си Цзиньпинди кайрадан төрагалыкка шайланышы менен куттуктап, Корея жарым аралындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги кабар таркатты.

Кабарда келишинче, эки мамлекет жетекчиси дүйнөдөгү жана аймактагы учурда болуп жаткан саясий кырдаалды о.э эки өлкө ортосундагы мамилени талкуулашты.

“Биз Түндүк Кореялык досторубуз менен кызматташууну каалайбыз. Бул келечекке бирге умтулуу үчүн керек. Ушул жол мамлекеттердин ортосундагы узак мөөнөттүү мамилелерине көмөк көрсөтөт. Өлкөлөрүбүздүн жана калктарыбыздын кызыкчылыгы үчүн иштеп, аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту камсыздап, өнүгүү негиздерин жолго коёбуз”,- деди Си Цзиньпин.

Агенттиктин билдиришинче, Ким Чен Ын ушул жолугушууда АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугууга даяр экенин тастыктады.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри Ли Ён Хонун айтымында, Ким Чен Ын апрель айында Орусияга барууну мерчемдеп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here