Тажикстанда Исламий кийимдерге каршы күрөш уланууда
Тажикстан өкмөтү өлкө ичинде аялдардын кандай кийиниши тууралуу “сунуштар” аттуу китеп чыгарды. Тажикстан маданият министрлиги тарабынан чыккан китепте 7 жаштан 70 жашка чейинки тажик аялдарына тиешелүү кийимдердин үлгүсүн сунушталды.
“Азия-Плюс” интернет сайтында таркатылган кабарда, жумуш орундарында, улуттук жана расмий майрамдарда, тойлордо, а түгүл дем алуу күндөрүндө тажик аялдарынын кандай кийим кийүүсү тууралуу ушул китептеги сунуштарда камтылган.
Китепте, “тажик аялдары кандай кийим кийиши керек” аттуу бапка кең орун берилген. Исламий кийимдер, кара кийимдер, муслималардын хижабдары жана оромолдор сунушталбай турган кийимдер арасында көрсөтүлгөн. Тажик коомунда Исламий кийимдер, оромол жана хижаб кең таркалса да, президент Эмомали Рахмон Исламий кийимдерге катуу тыюу салып келет.
Мурунку советтик өлкөлөрдүн бирине кирген Тажикстанда, калктын көпчүлүгүн мусулмандар түзүп, Исламий өкүмдөргө амал кылууда бекем турган калктардан болуп саналат. Ушундай болушуна карабай, өкмөт Исламий негизден келип чыккан тажик маданиятын “улуттук” деген шылтоо менен Исламдан узакташтыруу үчүн иш алып барууда.
Аталган китепке карата социалдык тармактарда каршылыктар күчөп жатат. Айрымдар өкмөттү, “Тажикстанды Түндүк Кореяга айландырууда” деп айыптоодо. О.э “Маданият министрлиги мындай беймаани нерселерди ойлоп табуунун ордуна башка маселелер менен алектенсе болмок”, деп каршы чыгышууда.
Айрымдар болсо салттуу кийимдер өтө кымбат баада сатылышына нааразы болуп, “Бизге бул кийимдерди Маданият министрлиги сатып алып береби?”,- деп билдиришти.