АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу башталууда
Пекин АКШнын Кытайга болгон импорттук товарларына чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чечим чыгарды. Муну менен Кытай өзүнө келип жаткан зыяндарды минималдаштыруу үчүн Америкага жооп кайтарды.
Азырынча, Кытай Вашингтонду соода боюнча талаш-тартышты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырууда.
Кытайдын соода министрлиги жума күнү кабарлашынча, бийлик Америкадан импорттолуп жаткан чочко этине 25%, мөмө, вино жана болот түтүктөрүнө 15% бажы салыгын кошууну пландаштырууда. Жалпысынан бул каражаттар Кытай бюджетине 3 миллиард доллардын тегерегинде пайда алып келет.
Бейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Кытай товарларына айрым бажы чектөөлөрүн киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бажы салыктарына тийишелүү товарлардын тизмесин эки апта ичинде даярдашат. Трамп АКШга жаткырылган Кытай инвестицияларын да чектөө тууралуу чараларды иштеп чыгууга тапшырма берди. Американын жаңы бажы төлөмдөрүнөн Кытайга 50 миллион доллардын тегерегинде зыян жетет, деп баяндады Ак үй.
9-мартта Трамп болот жана алюминийди импорт кылуу боюнча бажы салыктарын тастыктаган. Буга карата Европа Биримдиги жооп берүүгө убада берди. Көп өтпөй АКШ Брюссель менен бир катар мамлекеттерди жаңы бажы салыктарынан убактылуу чыгарып койду.
Трамптын чечими соода согушуна себеп болушу ыктымал. Ошондуктан, Евро Биримдигинин, Канаданын, Кытайдын, а түгүл АКШнын өзүндө катуу каршылыктарга учурап жатат.