Саудия АКШга 400 миллиард долларлык инвестиция жаткырат

350
0
U.S. President Donald Trump welcomes Saudi Arabia's Crown Prince Mohammed bin Salman in the Oval Office at the White House in Washington, U.S. March 20, 2018. REUTERS/Jonathan Ernst

Саудия АКШга 400 миллиард долларлык инвестиция жаткырат

АКШ президенти Дональд Трамп Саудиянын мураскери Мухаммад бин Салман менен 21-мартта жолугушту. Жолугушууда Вашингтон менен Эр Рияддын ортосундагы мамилелер мурункудан да жакшыраак уланып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Саудия маанилүү рол ойноп жатат. Трамптын айтымында, Саудияда үлкөн байлыктын кору бар. Кошмо штаттар болсо андан өнүмдүү пайдаланышы мүмкүн.

“… Биздин азыркы мамилебиз ар дайымкыдан да жакшыраак. Менимче, бул мамиле дагы да жакшы болот. Биз АКШга инвестиция жеткирүү пландарын белгилөө аркылуу эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга умтулабыз. Мамлекетибизге жаткырылып жаткан үлкөн инвестициялар калкыбыз үчүн көптөгөн жумушчу орундарын түзөт”,- деди Трамп.

“Биз коргонуу тармагын да талкууладык. Бүткүл Жакынкы Чыгыш үчүн коргонуу түзүмүн түзөбүз. Аймакта эмне болуп жатканын биз абдан жакшы билебиз. Ал жерде көптөгөн өзгөрүүлөр бар”, деп кошумчалады ал.

АКШ президенти Саудия байлыгына көз артканын жана аны колго алуу үмүтү бар экенин жашырбады.

“Саудия абдан бай мамлекет. АКШ ушул байлыктардын айрымдарын колго алуу үмүтүндө. Бул АКШда жумуш орундарын жаратуу жана аскерий техникаларды сатуу аркылуу ишке ашат”,- деп баса белгиледи АКШ президенти.

Трамп Саудия сатып алып жаткан АКШнын аскерий техникаларынын жадыбалын жана наркын жарыялады. Алардын ичинде согуштук кемелерден тартып ракета коргонууларына чейин, аскерий транспорттон тартып согуштук учактарга чейин бар. Трамптын оозунан миллиарддаган долларлар чыгып жатканда, шахзадага “булар сиздер үчүн арзыбас байлык, аны көбөйтүү керек”,- деп кошумчалады.

Саудия мураскери Мухаммад бин Салман болсо АКШ менен Саудиянын ортосундагы мамиле тарыхый экенин билдирди. Анын айтымында, мурунку жылы АКШ менен Саудиянын ортосунда пландаштырылган кызматташтык күтүлгөн пландан да ашып, Саудиянын АКШда жаткырган инвестициялары эки эсе арткан.

“Биз Американын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын союздашыбыз. 80 жылдан көбүрөк убакыттан бери ортобузда жалпы кызыкчылыктар бар. Саясий, экономикалык жана коопсуздук тармагында АКШ менен биргебиз. Мамилелерибиз чындыгында абдан терең. Өзүңүзгө маалым, президент мырза, келерки төрт жыл ичинде АКШга 200 миллиард долларлык инвестиция жаткырууну пландаштырган элек. Бирок, бул инвестиция учурда 400 миллиард долларга жетти”,- деди Мухаммад Бин Салман.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here