АКШ президенти Дональд Трамп Саудиядан каражат талап кылды
АКШ президенти Дональд Трамп АКШ кошуундарын Сириядан алып чыгууну тездетүү үчүн Саудия падышасы Салман бин Абдулазизден материалдык жардам талап кылды. Бул тууралуу «Вашингтон Пост» гезити кабар таркатты.
Гезитте чыккан макалада айтылышынча, Трамп Салманга декабрь айында телефон аркылуу байланышып, АКШнын Сириядагы аскерий аралашуусун токтотуу үчүн Саудиядан 4 миллиард доллар өлчөмүндөгү каражат талап кылган.
Гезитке интервью берген АКШ расмийи, президент Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин саудияликтар менен бул маселеде келише алаарына ишене турганын билдирген. Бирок, Саудиянын Вашингтондогу элчиси Трамптын талабы тууралуу гезиттин суроосун жоопсуз калтырды.
Гезиттин бир нече булактарга таянып кабарлашынча, Трамп Салман жана анын уулу шахзада Мухаммадга АКШнын Сириядагы милдеттерин токтотуу үчүн зарыл болгон каражаттын өлчөмүн түшүндүрүп берген.
“АКШ аскерийлери жана жергиликтүү өнөктөштөрү ИШИМден бошоткон Сирия жерлерин кайра калыбына келтирүү үчүн Ак үй Саудия жана башка мамлекеттерден каражат алууну каалайт. Согуштан кийинки максат, Сирия президенти Башар Асад жана анын шериктери Орусия менен Ирандын бул аймакка кирүүсүнө жол бербөө болуп эсептелет” деп жазылат макалада.
Гезиттин белгилешинче, коалиция мүчөлөрү ортосундагы бөлүштүрүүгө Трамп каршы болуп, анын назарында кымбатка түшүп калган согуштан кийин коалиция мүчөлөрүнүн төлөм төлөөсү маанилүү иштерден болуп саналат.