Өзбекстанга Визасыз  сапар кылууга шашпа!

360
0

Өзбекстанга Визасыз  сапар кылууга шашпа!

Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев жетектеген жумушчу топ, Тажикстандык кесиптештери менен Душанбе шаарында көптөгөн документтерге кол коюшту. Ага ылайык, эки мамлекет жарандары 30 күн бою визасыз кирип-чыгуулары мүмкүн. Бирок, Өзбекстан чегара өтмөктөрү ушуга чейин Тажикстан жарандарынын өтүшүнө уруксат бере элек. Күч органдарынын айтымында, бул келишим парламент тарабынан тастыкталса гана күчүнө кирет.

“Азия Плюс” басылмасы, Тажикстан ички иштер министрлиги, жаңы келишимге кол коюлган болсо да, Тажикстан жарандарын коңшу мамлекетке визасыз сапарга чыгууга шашылбай турууга чакырганын билдирди. Анткени, Өзбекстан тарап белгилүү себептерден улам, мамлекет ичкерисине кирүүгө уруксат бере албайт.

“Чындыгында ушул жылдын 9-мартында эки мамлекет ортосунда көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Визасыз режим орнотуу да ушул келишимдердин бири болуп эсептелет. Бирок, жарандарды убара болуп чегара өтмөктөрүндө кезек күтүп турбоого чакырабыз. Анткени, Өзбекстан парламенти чечимди тастыктаганга чейин бул келишимдин ишке ашуусу мүмкүн эмес”,- деп айтылат басылма таянган булакта.

“Азия Плюстун” кабарлашынча, Тажикстан күч түзүмү келишимдин болушунча кыска убакытта ишке ашуусуна кызыкдар. Бирок, жалпысынан алганда, мамлекеттер ортосундагы келишим кеминде үч айдан кийин тастыкталат. Ошондуктан, визасыз режим орнотуу, коңшу мамлекеттердин жарандарына кыска убакытка болсо да жеңилдик жаратуу азырынча мүмкүн эмес.

Азырынча чегарага жакын жайгашкан тургундар гана Өзбекстанда беш күн визасыз жүрө алат. Жогорудагы документ Мирзиёев кол койгон келишимдердин эң маанилүүлөрүнөн болуп саналат. Анын Тажикстанга болгон расмий сапарында жалпысынан 40 келишимге кол коюлган. Алардын 27си мамлекеттер ортосундагы келишимдердин катарына кирет.

Бул келишим күчүнө кирсе Тажикстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Өзбекстан менен визасыз алакада болгон жападан жалгыз мамлекет болуп калат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here