Өзбекстан менен АКШнын аналитикалык борборлору кызматташат
Өзбекстан президентинин алдындагы “стратегиялык жана аймактар аралык изилдөө институту” (САИИ) менен АКШнын тышкы саясат кеңешинин алдындагы “Борбор Азия жана Кавказ институти” (БАКИ) өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген тармактарда илимий кызматташтыкты орнотуу үчүн бул документке “САИИ” директору Владимир Норов менен “БAКИ” директору С. Корнелл Вашингтондогу жолугушуу учурунда кол коюшкан.
Тараптар жолугушууда эки институттун ортосундагы алаканы дагы да бекемдөө боюнча пикир алмашышты.
Корнелл, Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев тарабынан ишке ашырылып жаткан саясат Вашингтон менен Ташкенттин келечекте пайдалуу жана көп багыттуу кызматташтыгын кеңейтүү үчүн жаңы эшиктерди ачканын белгилеп өттү.
Тараптар жолугушууда көптөгөн багыттар боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү өткөрүү, эл аралык илимий жыйындарды уюштуруу, эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча тегерек столдорду өткөрүүгө келишишти.
“БАКИ” Вашингтондун Борбор Азия боюнча алдыңкы аналитикалык борбору болуп эсептелет. Муну менен бирге бул институт мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн, а түгүл, Түркия менен Кытайдын саясатын үйрөнүү боюнча жигердүү изилдөө иштерин алып барат.
Жолугушуунун аягында Өзбекстан менен АКШнын аналитикалык борборлорунун жетекчилери тараптардын тыгыз кызматташтыгы эки мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бере тургандыгын, жалпы максаттар жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн натыйжалуу механизмге айланаарын белгилеп өтүштү.
Түркистон:
АКШда дээрлик дүйнөнүн бардык мамлекеттери үстүндө иш алып бара турган аналитикалык институттары бар. Алар ар бир мамлекеттин жетекчилерин, жетекчи чөйрөсүн, калктын менталитетин, диний чөйрөсүн жана оппозициялык күчтөрдүн кубатын жана өлкөдөгү абалды үйрөнүшөт. Бул институттар, белгилүү бир мамлекеттердин үстүндө АКШ аткарышы керек болгон эң пайдалуу долбоорлорду түзүп беришет.
Бирок, АКШдагы бул аналитикалык институттар, АКШнын кызыкчылыгы негизинде гана иш алып барышат. Демек, алар менен кызматташуу, тагыраагы, АКШ белгилеп берип жаткан анализдердин негизинде иш алып баруунун акыбети экинчи мамлекеттин зыянына болот.Мындай кызматташуулардын натыйжасында АКШнын гана кызыкчылыгы жүзөгө чыгат. Учурда да тарыхта да ушундай болуп келген. Маселен, Асад режиминин учурдагы кыргындары, Каддафи менен Саддам Хусейндин өлтүрүлүшү, Саудия падышалыгынын өз туугандарын өлтүрүп, камап, коркутуулары ж.б. иштердин баары АКШнын ушул сыяктуу аналитика борборлорунун координаторлугу жана кеңеши менен ишке ашууда.