Путин “Орусия иши” боюнча АКШдан расмий документ талап кылды

365
0
June 5, 2017 - St Petersburg, Russia - Russian President Vladimir Putin during an interview with television host Megyn Kelly broadcast on NBC's Sunday Night with Megyn Kelly June 3, 2017 in St Petersburg, Russia. Putin denied any involvement with the U.S. elections during the interview. (Credit Image: © Alexei Druzhinin/Planet Pix via ZUMA Wire)

Путин “Орусия иши” боюнча АКШдан расмий документ талап кылды

Орусия президенти Владимир Путин, АКШ өкмөтү 2016-жылы Америкадагы шайлоолорго “Орусия аралашты” деген иш тууралуу расмий документ тапшыруусу зарыл, деп билдирди. Бул тууралуу ал NBC телеканалынын жетекчиси Меган Келли менен болгон маегинде айтып өттү.

“Мен биринчиден алар эмне кылышканын көрүшүм керек. Бизге материалдарды бергиле. Маалымат бергиле бизге”,- деди Путин.

Ал муну менен бирге, жогорку билим алган адамдар Орусияда мамлекет мыйзамчылыгын бузбаса, текшерүүгө алынбай турганын түшүнүү керектигин белгилеп өттү.

“Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы менен расмий чечүү талап кылынат. Бул расмий каналдар менен өтүшү керек. Маалымат каражаттары же АКШ конгрессиндеги кыйкырыктар аркылуу эмес”,- деди Путин.

            Буга чейин АКШ Орусиялык 13 адамды жана үч юридикалык адамды 2016-жылы болуп өткөн президенттик шайлоолордун натыйжасына таасир көрсөтүүгө урунган деп айыптаган. Бирок, бул адамдардын айыбын аныктоочу кандайдыр далилдер тапшырылбаган. Москва өзүнө коюлган айыптоолордун баарын четке кагып, алардын баарын негизсиз деп атап келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here