Махмуд Кар: Чыныгы террордук коркунуч АКШ менен Орусиядан келүүдө!

386
0

Махмуд Кар: Чыныгы террордук коркунуч АКШ менен Орусиядан келүүдө!

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын маалымат бөлүм башчысы Махмуд Кар Түркиянын “зайтун бутагы” аттуу Африн жүрүшүнө карата билдирүү жасады. Кардын ырасташынча, 20-январь түнү башталган Африн жүрүшүн Сирия козголоңунан өзүнчө бир тема катары кароо туура эмес. Бул маселе Түркиянын түштүк чегарасында кооп туудуруп жаткан террор топторун жок кылуу маселеси да эмес. О.э бул маселе “Күрдистан жумушчулар партиясынын” Сириядагы канаты саналган “Сирия демократиялык күчтөрүнө” каршы Түркиянын чегара коопсуздугун сактоо маселеси да эмес. Бул маселе Сирия ыңкылабына түздөн-түз байланыштуу.

“Афринди мурда  Асаддан “Сирия демократиялык күчтөрүнө” тапшырган күч, эми ага кайтарып берүүнү пландаштырып жатат. Сирия козголоңунун экинчи жылында т.а 2012-жылдын июль айында Сирия режими козголоңчу тайпалардын какшаткыч соккуларына учурап, алсыраган эле. Ошондо Асад күчтөрү Дамаск тарапка чегинип, Африн, Жазира жана Кобанини “Сирия демократиялык күчтөрүнө” өз колу менен тапшырган болчу. Асаддын “Сирия демократиялык күчтөрүнө” карата мындай ишеним көрсөтүүсүнүн себеби, Америкага болгон ишенимине байланыштуу. Анткени, “Сирия демократиялык күчтөрүнүн” жибин колунда кармап турган күч Америка”,- деди “Хизб ут-Тахрир Түркия” маалымат бөлүмүнүн жетекчиси.

Кар Африн жүрүшүн “Фурат калканы” менен функциялык жактан окшоштугуна этибар каратты.

“Түркия Фурат Калканы жүрүшүнө окшош стратегия менен Идлиб жана анын айланасындагы оппозициялык тайпаларды Африн жүрүшүнө тартууну каалап жатат. Мындан максат, Идлибде Асад режиминин курчоосундагы аймакты жаратуу жана исламий козголоңчу тайпалардын күчүн алсыратуу. Халеп кандай абалда “Фурат Калканы” аркылуу Асадга тапшырылган болсо, эми Идлиб да кудум ошол түстө Афринге карата “Зайтун бутагы”  аттуу жүрүшү аркылуу Асадга тапшырылат. Мындай болушун Америка каалап жатат. Түркия болсо бул иште ага шерик болууда. Себеби, Орусия башчылыгында алып барылып жаткан Астана жолугушууларындагы аксоолор мына ушул жол менен гана жөнгө салынат. Бул болсо АКШнын “Сирия чечими” планын ишке ашыра турган Америкача стратегиянын дал өзү. Африн жана анын айланасында ИШИМдин изи да калбаган бир учурда, АКШ коалиция күчтөрүн кайрадан ИШИМге каршы күрөшкө багыттап жатканы мунун ачык далили. Бул болсо, Астана жолугушуусуна ыраазы болбогон Идлибдеги козголоңчу тайпаларды бутага алуудан башка нерсе эмес. Африн жүрүшүнүн артынан Асад күчтөрү жана Орусиянын Идлибге кол салууну башташы, бул пландын дароо ишке ашып жатканын көрсөтүп турат. Сирия оппозициясын Афринге жөнөтүп, Идлибди жалгыз калтыруу Сирия козголоңунун тамырына дагы бир жолу балта чабуу жана дагы бир кыянаттык!

Тыянак катары ушуну ачык айтмакчымын. Эгер Түркия чын дилден Сирия козголоңун колдоп, акыйкат үчүн бул ишти кылып жатса, Африн жүрүшүн  Ирак жана Сирияда фитна уругун чачууга урунуп жаткан, Жакынкы Чыгышты үч-төрт бөлүккө бөлмөкчү болуп жаткан АКШнын пландарына сокку бериши керек. Ал эми, түштүк чегараларын  “Сирия демократиялык күчтөрү” менен “Сирия элдик кошуунунан” тазалоо чыныгы максат эмес. Анткени, бул жерде чыныгы террордук коркунуч АКШ менен Орусиядан келип жатат. Жиптин учу болсо Америкага барып такалат. Ошондуктан, бул жүрүштүн аты “Зайтун Бутагы” эмес, “Баш жаруу” болушу керек. Жарылышы керек болгон баш болсо баскынчы колонизатор Американын башы!”,- деди Махмуд Кар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here