Коопсуздукту камсыздоого кепил болгон мамлекеттердин жүзү ачылууда!
Сирия ыңкылабына чекит коюу максатында Орусия, Түркия жана Ирандын демилгеси менен бир нече ирет Астана жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда парда артында турган АКШнын пландары боюнча, “ок атууну токтотуу” жана “коопсуз аймактарды түзүү” тууралуу чечимдер кабыл алынды. Бул чечимге ылайык, “коопсуз аймактын” коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин Орусия, Түркия жана Иран мамлекеттери өз моюндарына алышты.
Бирок, вакыйлык жалпысынан башкача түс алды. Коопсуздукту камсыздоо кепилдигин мойнуна алган Орусиянын өзү баш болуп, коопсуз аймак саналган Идлибди тынымсыз абадан бомбалап келүүдө. Акыркы учурда Идлибдин чыгышында жайгашкан бир нече айыл жер менен жексен кылынды. Орустардын кол салуусунан жанын араң куткарган үй-бүлөлөрдүн айрымдары Ак деңизде чөгүп өлдү. Айрымдары Ливан чегараларында сууктан тоңуп курман болушууда.
Коопсуздукту камсыдоого кепил болгон мамлекеттердин дагы бири Иран “коопсуз аймакка” дээрлик ар күнү кол салып жаткан Асад аскерлерин колдоп-кубаттоосун улантууда. Бул кылмыштардын баары Астана жолугушуусунан кийин ишке ашууда. Ал эми эскертүүлөргө карабай, Астана жолугушуусунда куфрга кол узаткан Сирия оппозиция өкүлдөрү арасатта калып кетишти. Анткени, алар ишенген коопсуздукка кепил болгон мамлекеттердин бири саналган Түркия да бул кыргындарга сүкүт сактоодо. Муну менен Түркия келишимге кыянаттык кылууда Орусия менен Ирандан калышпай жатат.
Акыркы учурда Түркия өкмөтү Орусиянын кыргындарына көз жумуп келген эле. Эми болсо, “Сирия демократиялык күчтөрүн” шылтоолоп Африн аймагына жүрүш баштады. Түркия президенти Эрдоган күрөштү Афринден соң Манбижде улантаарын айтып: “Сирия калкын кыргын кылгандар баскынчылар”,- деп да баянат берди.
Бирок, Орусиянын Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттери Түркиянын Афринге карата күрөшүн Орусиянын “ыраазылыгы” менен болуп жатат деп баалашууда. О.э Орусия “Идлибдин ордуна Афринден баш тартты”,- деп сыпатташты.
Орусиянын “Взгляд” гезитине интервью берген Жакынкы Чыгыш маселеси боюнча эксперт Антон Мадрасов, Идлиб-Африн келишими Халеп кулагандан кийин Москва жана Анкара арасындагы эң чоң келишим болгонун билдирди.
“Бүгүнкү күндөгү өзгөрүүлөр Анкара менен Москванын ортосунда үлкөн келишим ишке ашырылганын көрсөтөт. Ушул келишимдин көңүл чордонунда Африн жана Идлиб бар. Президент Эрдоган АКШнын күрд кошуундарына каршы чыгууну бетке кармап, Афринге жүрүш баштоону жарыя кылды. Эрдоган АКШ көзөмөлүндөгү Кобанинин ордуна Орусиянын көзөмөлүндөгү Афринге жүрүш баштады. Кийин кызыктуу вакыйлыктар жүзөгө чыга баштады. Кудум Эрдоган бир учурда Халептен өз тарапкерин чыгарып алып Орусияга шаарды ээлеп алууга мүмкүнчүлүк бергендей көрүндү. Демек, (Орусия менен Түркия) Идлибдин ордуна Африн үстүндө келишип алганы анык. Мындан тышкары Анкара бүткүл аймакты ээлеп албоо туурасында Москвага убада берген. Түркия өзү үчүн баш оору болгон “Сирия элдик кошуунуна” караштуу негизги чекиттерди көзөмөлгө алууну каалайт. Он беш миң куралдуу аскерлерден турган “Сирия элдик кошуунуна” тиешелүү аймакты кандай жол менен көп кан төкпөй каратып алуу иши албетте Орусиянын унчукпай карап турушуна байланыштуу”,- деди орусиялык эксперт.