Нью-Йоркто С5+1 форматындагы жолугушуу болуп өттү

331
0

Нью-Йоркто С5+1 форматындагы жолугушуу болуп өттү

Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен АКШ ортосундагы С5+1 форматындагы жолугушуу Нью-Йоркто болуп өттү. Тараптар аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин маалымат кызматы кабар таркатты.

 “2018-жылдын 19-январында Ню-Йорк шаарында Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетектеген делегация Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчылыгы катышкан жолугушууга барды”,- деп айтылат кабарда.

“C5+1” форматындагы жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджидин Аслов, Түркмөнстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аксултан Атаева жана АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан катышты.

Жолугушууда түрдүү тармактарда көп тараптуу маселелерди пландаштыруу жана кызматташууну бекемдөөгө каратылган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды. Буга кошумча аймактагы коопсуздукту бекемдөө, заманбап  кооп-коркунучтарга каршы күрөшүүнүн учурдагы көйгөйлөрү талкууланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here