Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) мөөрдү кабыл алуусу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ибн Хажар аль-Аскаланинин “Сахих аль-Бухариге” берген тафсири “Фатхул-Бари” китебинде Илимди жана илим ээлеринин каттарын өлкөлөргө жеткирүү тууралуу бөлүмүндө айтылган:
حدثنا محمد بن مقاتل أبو الحسن المروزي أخبرنا عبد الله قال: أخبرنا شعبة عن قتادة عن أنس بن مالك قال: كتب النبي صلى الله عليه وسلم كتابا أو أراد أن يكتب فقيل له: إنهم لا يقرءون كتابا إلا مختوما، فاتخذ خاتما من فضة، نقشه محمد رسول الله كأني أنظر إلى بياضه في يده فقلت لقتادة: من قال نقشه محمد رسول الله؟ قال أنس
Мухаммад бин Мукатил Абу аль-Хасан аль-Марвази бизге Анас бин Маликтен риваят кылды: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) кат жазды жана ага мындай деп айтылды: Алар мөөр басылмайынча катты окушпайт. Анан күмүш шакек алып, ага Аллахтын Элчиси Мухаммад ысымын чегип жаздырды. Мен анын колунда актыгын көрүп турам. Анан мен Катададан: Анда Аллахтын элчиси Мухаммаддын ысымы чегилген деп ким айтты? деп сурадым. Анас айтты деди”.
Урматтуу угармандар:
Хадисте көңүл бура турган нерсе, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мамлекет башчысы катары кат жазганы. Ал ошол кездеги мамлекет башчыларына кайрылууну каалаган. Бул каттарда буйруу жана тыюу салуу ыйгарым укуктарына ээ болгон адамдын колу жана мөөрү болушу керек эле. Ал адам жалпы калктын атынан сүйлөгөн, алардын кызыкчылыгын коргогон, ошол кызыкчылыктын негизинде башка өлкөлөр менен мамиле түзүүчү эле.
Эй мусулмандар!
Бүгүнкү күндө силердин атыңардан ким сүйлөйт? Бүгүнкү дүйнө мамлекеттери менен ким силердин кызыкчылыгыңарды коргоп алака түзө алат? Каапыр өлкөлөргө ислам динин кабыл алсаңар аман болосуңар деп ким кат жаза алат? Силердин атыңардан сүйлөгөн сөзүнө же жазган катына ким кол коюп мөөр баса алат. Албетте эч ким. Анткени буга ыйгарым укуктуу бир да адам жок. Себеби, бул ишке ыйгарым укуктуу адам – каапыр мамлекеттер тарабынан кулатылып, жогорку даражасынан түшүрүлгөн халифаңар эле. Анын натыйжасында, силер алардын дасторкондорунда жетим, сарайларынын босогосунда качкындар, цивилизациясынын күкүмдөрү үчүн кайырчы болдуңар. Силерге буйрук беришет, силер аларга баш ийесиңер, өлтүрүшөт, унчукпай карап турасыңар. Силердин атыңардан сүйлөп, силерди коргогон Халифаны калыбына келтирүү үчүн чын ыкластуу амал кылуучулар менен бирге амал кылгыла Эй мусулмандар!
Оо Аллахым, бизге бытыранды мусулмандардын башын бириктире турган жана алардын башына түшкөн азапты көтөрө турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги салих халифалыкты насип эт. Оо Аллахым, жерди асыл жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Оо Аллахым, Амин, Амин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 6-сафар.
2025-ж, 31-июль.