Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аллахтын нусратына ишенүү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حدثنا أبو الربيع العتكي وقتيبة بن سعيد كلاهما عن حماد بن زيد واللفظ لقتيبة حدثنا حماد عن أيوب عن أبي قلابة عن أبي أسماء عن ثوبان قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “إن الله زوى لي الأرض فرأيت مشارقها ومغاربها وإن أمتي سيبلغ ملكها ما زوي لي منها وأعطيت الكنزين الأحمر والأبيض وإني سألت ربي لأمتي أن لا يهلكها بسنة عامة وأن لا يسلط عليهم عدوا من سوى أنفسهم فيستبيح بيضتهم وإن ربي قال يا محمد إني إذا قضيت قضاء فإنه لا يرد وإني أعطيتك لأمتك أن لا أهلكهم بسنة عامة وأن لا أسلط عليهم عدوا من سوى أنفسهم يستبيح بيضتهم ولو اجتمع عليهم من بأقطارها أو قال من بين أقطارها حتى يكون بعضهم يهلك بعضا ويسبي بعضهم بعضا. “(رواه مسلم)
Абу ар-Раби’ аль-Атаки Савбандан риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах мага жерди түрүп көргөздү, мен анын чыгышын жана батышын көрдүм. Менин үммөтүмдүн өкүмдарлыгы андан мага түрүлүп көрсөтүлгөнгө чейин жетет жана мага эки казына берилди: кызыл жана ак.” Мен Раббимден үммөтүмдү жалпы ачарчылык менен кыйратпашын жана өздөрүнөн башка алардын үстүнөн ар- намысына шек келтирүүчү душманга бийлик бербөөсүн сурадым. Жана Раббим айтты: “Эй Мухаммад, эгер мен бир буйрук кылсам, аны артка кайтарууга болбойт. Аларды жалпы ачарчылык менен жок кылбоону жана алардын ар-намысына шек келтире турган өздөрүнөн башка душманга бийлик бербешимди , мен сени сенин үммөтүң үчүн бердим. Ал тургай, жердин бардык аймактары, же ал айткандай, бардык аймактары сенин үммөтүңө каршы чогулуп (келсе дагы алардын үстүнөн душмандарына үстөмдүк бербейм), ( качан сенин үммөтүңдүн) кээ бири башкаларын өлтүрүп, башкаларын туткунга алып кетмейинче (алардын үстүнөн дашмандарына бийлик бербейм)”. Муслим риваяты.
Хадистин шархы:
“Аллах мага жерди түрүп көргөздү, мен анын чыгышын жана батышын көрдүм. Менин үммөтүмдүн өкүмдарлыгы андан мага түрүлүп көрсөтүлгөнгө чейин жетет жана мага эки казына берилди:
(زوى) (Зава)нын мааниси чогулуу, түрүү бүктөө. Бул хадисте ачык-айкын мужизалар камтылган, Аллахка чексиз мактоолор болсун. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге билдиргендей алардын бардыгы ишке ашты.
Аалымдар айтышты: Эки казына дегенден максат, алтын жана күмүш, тагыраагы, Ирак жана Шам падышалары Кисро менен Цезардын казынасы. Бул үммөттүн падышалыгы көбүнчө чыгыш жана батыш тарапка жайыла турганын көрсөтөт. Бул дагы ишке ашты. Түштүк менен түндүккө келсек, чыгыш менен батышка салыштырмалуу аз. Өз Напси каалоосунан сүйлөбөгөн бир гана вахийди сүйлөгөн чынчыл Пайгамбарына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
(فيستبيح بيضتهم) (алардын ар намысына шек келтире турган дегени, алардын тобун жана тегин бузат, даңк жана падышалыкты да билдирет.
Аллах Таала айтат: وإني قد أعطيتك لأمتك ألا أهلكهم بسنة عامة) “Чындыгында, мен сага үммөтүң үчүн келишим түздүм, аларды жалпы ачарчылык менен жок кылбайм”. Башкача айтканда, мен аларды бүтүндөй жайыла турган ачарчылык менен жок кылбайм. Балким, ачарчылык болсо, башка Ислам өлкөлөрүнө салыштырмалуу азыраак аймакта болот.
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдан), жеңиш жана күч-кубатка тиешелүү кушкабар берүүчү көптөгөн хадистер риваят кылынган, анын ичинде:
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: (ليبلغن هذا الأمر ما بلغ الليل والنهار ولا يترك الله بيت مدر ولا وبر إلا أدخله الله هذا الدين بعز عزيز أو بذل ذليل عزاً يعز الله به الإسلام وذلاً يذل الله به الكفر) رواه أحمد في مسنده
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бул иш (ислам) түн менен күндүз жеткен жерге чейин жетет жана Аллах (Исламды киргизбеген) ылайдан жана жүндөн жасалган бир да үйдү калтырбайт, тескерисинче, Аллах бул динди ага урматтуулардын урматы менен же кор болгондордун кордугу менен киргизет. Аллах Исламды урмат менен, же каапырларга кордогон кордук менен (исламды) киргизет”. Ахмад өзүнүн Муснадында риваят кылган.
وعن أبي نضرة رضي الله عنه قال: كنا عند جابر بن عبد الله رضي عنه فقال: يوشك أهل العراق ألا يجبى إليهم قفيز ولا درهم قلنا: من أين ذلك؟ قال: العجم يمنعون ذلك ثم قال: يوشك أهل الشام ألا يجبى إليهم دينار ولا مدي قلنا: من أين ذاك؟ قال: من قبل الروم. ثم سكت هُنيهة ثم قال: قال رسول الله صلى الله صلى الله عليه وسلم: (يكون في آخر أمتي خليفة يحثو المال حثياً ولا يعده عداً) رواه مسلم
Абу Надра (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте, ал айтты: Биз Жабир ибн Абдулла, (радыяллаху анху) менен бирге болчубуз, ал айтты: Ирак калкына келе турган бир хафизи да, дирхамы да жок болушу ыктымал, (башкача айтканда аларга келе турган жизя, хирож жана зекет алуудан тыйыла турган убак жакындап калды). Биз айттык: Бул кайдан болот? Ал айтты: чет элдиктер (перстер) буга тоскоол болот. Анан айтты: Шам калкына келе турган динар да, бир да муд жыйналбашы ыктымал. (башкача айтканда аларга келе турган жизя, зекет хирож келбей калат. Муд Шам эли үчүн белгилүү өлчөм болуп саналат жана ал 22,5 са’ны түзөт жана болжол менен (46 килограммга барабар). Биз айттык: Бул кайдан болот? Ал айтты: Римдиктер буга тоскоол болот. Анан бир аз унчукпай туруп, анан айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Менин үммөтүмдүн акырында бир халифа болот, ал байлыкты санабай, кочуштап байлыкты таратып берет”. Муслим риваят кылган.
Курани Каримде бул дин үчүн жеңиш жана күч-кубат берүү жана анын акыр аягында жеңе тургандыгы тууралуу далилдер бар, анын ичинде Улуу Жараткандын:
(وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ) (النور:55)
“Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандарга, алардан мурункуларды халифа (орун басар) кылгандай эле, аларды да жер жүзүндө халифа кылуучу жана алар үчүн өзү жактырган динин бекем кыларын жана алар коркуп, коопсуз болгондон кийин аларга коопсуздукту берүүнү убада кылды: Алар Мага ширк келтирбей ибадат кылышат, ушундан кийин мага каапыр болгондор алар бузукулар.) (Нур: 55) деген сөзү.
Ооба, Аллахтын убадасы акыйкат, пайгамбарыбыздын сүйүнчүсү да акыйкат. Бул күндөрдө башыбыздан кечирип жаткан нерсе – Пайгамбарыбыздын убадасы. Иштер тагдырга жараша болот, натыйжасы тагдырга жараша болот. Аллахтын жеңиши жана күч-кубаты тагдыр, биз Раббибиз эмнени убада кылганын жана пайгамбарыбыздын сүйүнчүлөгөнүн албетте көрөбүз. Бул убакыт жана максаттын ишке ашуусуна жетүү гана маселеси.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 4-сафар.
2025-ж, 29-июль.