Түркияда мусулмандар сөздү ээсине айтуу үчүн жүрүшкө чыкты
Түркиянын борбору Анкара шаарында 27-июль, жекшемби күнү “Көклү деишим” уюштурган “Сөздү ээсине айтууга макулсуңбу?” аталышында Газаны колдоо жүрүшү болуп өттү. Катышуучулар башкаруудагы “Адилет жана өнүгүү” партиясынын башкы штабынан тартып, президенттик админстрациянын имаратына чейин жүрүшкө чыгышты.
Газада 21 айдан бери уланып жаткан кыргын, камоо жана баскынчылык алдында жардамсыз калган мусулмандарды колдоо үчүн уютурулган акцияга Түркиянын төрт тарабынан жүрөгү Газа деп соккон аалымдар, жамааттар, саясий партиялар баштаган миңдеген мусулмандар катышты.
Аймактардан келгендерге күч кызматкерлери ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, борбордогу көчөлөр жабылышына карабастан, мусулмандар айтылган убакытта майданга чогулушту. Чогулгандар “Армиялар Аксого” урааны менен жүрүш жасап, Хизб ут Тахрирдин Түркиядагы маалымат бөлүмүнүн башчысы Махмуд Кар басма сөз билдирүүсүн жасады: Билдирүүдө: “Жетишет! Силерден кыймылга келип, чечкиндүү кадам таштоону күтүп жатабыз. Кол алдыңардагы күч жана мүмкүнчүлүгүңөрдү бүгүн эмес, качан колдоносуңар?! Бул армия ачкалыктан өлүп, топурак жегенге мажбур болуп, бизден жардам күткөн газалык бир туугандарыбыз үчүн качан кыймылга келет?!”, – деп айтылды.
Расмий билдирүүнүн артынан бир катар аалымдар, журнал жетекчилери жана активисттер сөз сүйлөп акыйкат менен бийликти эскертишти.